www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүз жылдан кийин Кыргызстанда мөңгүлөр калбайбы? Анысын так билбейбиз, билгенибиз Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда жүз жылдыктын соңунда мөңгүлөрдүн 80%ы эрип жок болушу мүмкүн экенин айтты. Мындай пикирин ал Дубайда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитте билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 50 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн 20-30 %ы ээрип кеткен. Ошол себептен кайра калыбына келүүчү энергия булактарына өтүү, электротранспортту өнүктүрүү, жерлерди органикалык түрдө иштетүүгө өтүү мезгилдин талабы болуп турат.

«Мөңгүлөрдү сактоонун бирден бир фактору болуп токой аянттарын көбөйтүү болуп эсептелет. БУУнун бул боюнча атайын резолюциясы да бар. Ага ылайык, «Жашыл мурас» улуттук кампаниясы башталып, 8 млн.дон ашык түп бак дарактар отургузулду. Бул сан жылдан жылга көбөйө берет», - деди Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости