www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Перуда өкмөткө каршы митингдер 11-декабрдан бери улантылып, миңдеген киши президент Дина Болуартенин кызматтан кетишин талап кылышууда. Бул тууралуу трт.нет билдирди.

Перу басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, борбор шаар Лима баш болгон көптөгөн шаарда митингге чыккандар кээ кээде   коопсуздук күчтөрү менен кагылышты.

Митингчилердин таш жана Молотов коктейли менен кол салуусуна полиция көздөн жаш агызуучу газ менен жооп берип, көп сандаган адамды камакка алды. Окуяларда 20 кишинин жабыркаганы кабарланды.

Бир тараптан өкмөт Лима жана өлкөнүн түштүгүндөгү айрым шаарларда 15-январда жарыялаган өзгөчө кырдаалды 30 күнгө узарткандыгын жарыялады. 

Перу басма сөзүнүн билдиргенине караганда  11-декабрдан бери митингдерде 64 киши каза болуп, жаралуулардын саны 1700дөн ашты.

Өлкөдөгү нааразычылык акциялары мурдагы президент Педро Кастильонун 7-декабрда Конгресс тарабынан кызматынан алынышы менен башталган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости