www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда демократтар Байдендин талапкерлигин колдобой жатышат. Бул тууралуу DW дүйнөлүк маалымат булагы жазып чыкты. 

Ipsos институтунун сурамжылоосунда Демократиялык партиянын 52 пайызы Байдендин АКШ президенттигине талапкерлигин кайталап коюсуна каршы экендиктерин билдиришти. Американын Демократиялык партиясынын көпчүлүк мүчөлөрү учурдагы президент Джо Байдендин алдыда келе жаткан шайлоого өз талапкерлигин кайрадан коюу идеясына каршы чыгышты. Бул туурасында Reuters агенттиги өздөрүнүн сунушу менен Ipsos институту жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктарына таянып билдирди.

Сурамжылоо 6-13-февраль күндөрү бүтүндөй өлкөнүн аймагында жүргүзүлүп, ага 4 408 чоң адамдар катышкан. Буга кошумча Демократиялык партиянын 52 пайызы Байдендин шайлоого катышуусуна макул эместиктерин билдиришкен.

Салыштырып көрсөк, ушундай эле сурамжылоону жүргүзгөндө АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын президенттик шайлоого кайталап талапкерлигин коюусуна Республика партиясынын 40 пайызы каршылыгын билдиришкен эле. 

“Бул сандарды көбөйтүп салыштырып көргөндө көптөгөн америкалыктар 2020-жылдагы президенттик таймашта жеңип алган Байдендин жеңишинин кайталанышына сүйүнбөй тургандыгын билсек болот” - дешет журналисттер.

Ipsos институтунун сурамжылоосунун маалыматына көз жүгүртсөк көптөгөн америкалыктар учурдагы АКШ президентинин жүргүзгөн экономикалык саясатына каршы. Аны азыр шайлоочулардын 36 пайызы колдошот, өткөн жылы бул көрсөткүч 42 пайызды түзгөн эле. Андан тышкары көпчүлүк америкалыктар Байдендин жашы ноябрь айында 81 ге келип калаарын жана экинчи мөөнөттөгү 4 жыл аралыкта ал өтө эле карып калаарын баса белгилешет.

Азырынча Джо Байден өзү АКШнын президенттик шайлоосуна кайталап катышаарын расмий жарыялай элек. Ал эми Байден менен Трамптын өкүлдөрү социологиялык сурамжылоонунун жыйынтыгы боюнча пикирлерин билдиргенге шашпагандай.

Нур БАЙГАЗАК  журналист

Последние новости