www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия менен Сириянын жер титирөөдөн жабыркаган жарандарын колдоо боюнча КАЙРЫЛУУ

Күтүлбөгөн жерден келген кырсык жана анын кесепетинен чыккан кыйроодон Түркия жана Сириянын жарандары бүгүн жабыр тартып турат. Эч ким мындай масштабдуу трагедияны күткөн эмес...

Биз кырсыктан жабыркаган адамдарга ыкчам жана кесипкөй жардам көрсөтүү боюнча эл аралык институттардын жана өлкө лидерлеринин күч-аракеттерин колдойбуз. «Түркия жана Сириядагы зилзалага туш болгон райондорго абдан зор гуманитардык керектөөлөр зарыл, ал эми кыйроолордун масштабын эсептөө өтө кыйын. Бул тууралуу ушул эки өлкөдө жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмдарынын өкүлдөрү кабарлайт.

Дүйнө жүзү эбегейсиз табийгат кырсыкка кептелип, 40 миңден ашуун адам каза тапты, 65 миңден ашуун адам жаракат алган Түркия менен Сириядагы окуяларды өзгөчө тынчсыздануу менен кабыл алууда. Дүйнөлүк эксперттер жана окумуштуу сейсмологдор кырсыктар менен тобокелдиктердин аталган факторлору «кош жер титирөө» болуп санала тургандыгын, калктын эң аярлуу топторундагы адамдардын өмүрү жана саламаттыгына кыйла коркунуч келтиргендигин белгилейт.

Түркиядагы кыйроолор © U.S. Navy/Getty Images

Биз, адам укуктарын коргоо жана аны илгерилетүү менен иш алып барган коомдук уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде «жергиликтүүдөн глобалдык деңгээлге» чейин горизонталдык лидерликти күчөтүү, чечимдерди кабыл алуу иштеринде аялдардын катышуусун илгерилетүү менен, бийлик институттарынын, бизнестин жана кырсыктар жана тобокелдиктер аймагында жашаган жарандар ортосундагы ажырымды азайтуу үчүн «локалдыктан глобалдыкка» чейин бийликтин бардык деңгээлинде чечимдерди кабыл алуу иштерине жарандардын бирдей катышуусун камсыз кылуу принцибине таянып, кайрылабыз:

• Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерине жергиликтүү жамааттар ортосундагы ажырымды төмөндөтүү жана аймактагы адамдардын үнүн «локалдыктан глобалдыкка» чейин принциби боюнча чечим кабыл алуучу жактарга чейин жеткирүү максатында «Алды жактан көз караш» (View from the Frontline) биргелешкен изилдөөлөрүнүн методологиясын өздөштүрүү,

• Соңку отуз жыл ичиндеги кырсыктар жана тобокелдик аймагында жашап, жабыркаган адамдардын жалпы тарткан зыяны 2022-жылда 270 млрд. доллар түздү, андыктан, жамааттар жана жергиликтүү бийлик коркунучтарга жана кырсык тобокелдиктерине биргелешип баа бергени маанилүү,

Арал деңизи 1950 жана 2015-жылдарында © CAAN

• GNDR аймактык мүчөлөрүнүн, Борбор Азия, Монголия жана Кавказ лидерлеринин жамааттардан улуттук деңгээлге чейин жарандык коом өкүлдөрү менен көп тараптуу эксперттик жолугушуу өткөрүү зарылдыгы жөнүндө негизги сунуштамаларын жана тажрыйбаларын эске алуу менен кырсык жана тобокелдиктер аймагында глобалдык каатчылыктарды жеңүү боюнча иш-аракеттердин өзгөчө планын даярдоо жана биргелешкен комплекстүү чараларды иштеп чыгуу максатында, ошондой эле, глобалдык кырсыктардын залакасын жана андан алган сабактардын негизинде, алардын алдын алуу менен жарандардын укуктарын илгерилетүү жана колдоо үчүн жергиликтүү жамааттарды коргоо боюнча ыкчам превентивдик чараларды кабыл алуу,

• Системалык коркунучтарга жана тобокелдиктерге баа берүү зарыл, анткени Борбор Азия өлкөлөрү, айталы, КРда совет мезгилинен мураска калган уран калдыктарын сактоочу 92 жайдан, калдыктарды тез аранын ичинде рекультивациялоону талап кылган Кумтөр сыяктуу тоо кендерин казуучу өндүрүштөн жабыркап келет, Казакстанда Арал деңизинин жок болуп кетүү коркунучу маселе жаратып, актуалдуу болууда, Каспий деңизиндеги био-көптүрдүүлүк дагы жок болуп кетүү коркунучунда. Мүмкүн болгон тобокелдиктердин жана кырсыктар бүтүндөй Борбор Азия регионуна тарап негативдүү таасир этиши мүмкүн,

• КР президенти Садыр Жапаровдун Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнүн натыйжасын өздөштүрүү боюнча мекеме аралык жумуш тобунун ишмердүүлүгү боюнча демилгесин колдоону жана GNDR кырсык тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча Глобалдык Ассоциациянын негизги принциптерин колдонуу, келечекте Борбор Азия аймагында позитивдүү тажрыйбаны жайылтуу менен КРда пайда болушу ыктымал болгон кырсыктардын алдын алуу жана аларды болтурбоо боюнча иш-аракеттердин өзгөчө планын иштеп чыгуу боюнча көп тараптуу диалог жүргүзүүнү сунуш кылабыз.

КР президенти Садыр Жапаров Глазгодо өткөн климат боюнча эл аралык саммитте, 2021 © Президентттин басма сөз кызматы

Глазгодо өткөн климат боюнча эл аралык саммитте КР президенти Садыр Жапаров: «Кыргызстан үчүн көп кылымдан бери келе жаткан мөңгүлөрүбүздү, суу ресурстарын жана кереметтүү тоолорубузду климаттын өзгөрүшүнөн гана эмес, ниети таза эмес экономикалык ишмердүүлүктөн дагы коргошубуз өтө маанилүү. Андыктан, дүйнөлүк коомчулук мындай жагымсыз бизнес-практикага биргелешип каршы турушу керек. Бардык кызыкдар тараптардын эксперттердин кеңири чөйрөсүн тартуу менен координацияланган биргелешкен аракеттер жергиликтүү жамааттар ортосундагы ажырымды жоюуга, эң аярлуу катмардагы адамдардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн чечимдерди кабыл алуучу жактарга жеткирүүгө, ошондой эле, климаттын глобалдык өзгөрүү шарттарында кырсыктарды жана коркунучтарды жеңүү боюнча абдан натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет», – деп баса белгилеген.

GNDR – Борбор Азия боюнча тобокелдиктер менен кырсыктардын алдын алуу боюнча глобалдык тармактын мүчөлөрү:

– GNDR директорлор кеңешинин мүчөсү, Forum Asia-нын аткаруу комитетинин мүчөсү, «Women Learning Partnership» жана «Civic Solidarity Platform» эл аралык ассоциацияларынын, FIDH-дин мүчөсү, «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын директору Төлөкан Исмаилова;

– WLP International Борбор Азия, Кавказ жана Балтика өлкөлөрүнүн регионалдык координатору, «Аялдардын ресурстук борбору» мамлекеттик эмес мекемесинин директору Гүлнара Каракулова;

– WLP-Kyrgyzstan адам укуктары боюнча даректү  тасмалардын эл аралык фестивалынын директору Лира Асылбек;

– Нефтичилердин укуктарын коргоо боюнча комитеттин төрагасы Мирвари Гахраманли;

– «Болочок Грузия үчүн регионалдык/айыл чарбалык өнүктүрүү» (RDFG) ассоциациясынын төрагасы Вано Григолашвили;

– Философия илимдеринин доктору, «Green Lane Agricultural Assistance» ассоциациясынын президенти Нуне Саруханян;

– Түркмөнстандын Жаратылышты коргоо коомунун мүчөсү Беркели Атаев;

– Кырсыктар жана тобокелдиктердин алдын алуу боюнча программасынын координатору Мурат Карыпов.

Кол чогултуу улантылууда.

Последние новости