www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку соттун чечими менен 14-февралда абактан чыккан экс-президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу дарыланып келүүгө сыртка чыгып кетти. 

Жалпысынан Алмазбек Атамбаев абакта 1283 күн, же 3 жыл алты ай 3 күн отурган.

Ошол эле кезде, президент Садыр Жапаров дагы өз убагында 1291 күн, же 3 жыл 6 ай, 11 күн түрмөдө отуруп чыккан. 

Экөөнүн абакта отурган убактысы дээрлик бирдей. Болгону 8 күн гана айырма. 

Эске сала кетсек, Жапаров барымтага алуу жана бейбашчылы кылган деп айыпталып, 2017-жылдын 25-мартында камакка алынган. Сот аны 11 жылга кескен. 2020-жылдын 4-октябрындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодон кийинки нааразычылыктардан улам Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулуп, Садыр Жапаров 6-октябрда абактан чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости