www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль Украинаны жалпысынан "неонацисттик маанайдан" бошотуу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди. Ал Украинадагы "орусиялык шаарларды бошотууга убакыт келди" деп шаршемби күнү айткан ДЭР башчысы Денис Пушилиндин сөздөрүнө комментарий берди.

"Кремль жалпысынан Украинаны неонацисттик маанайдын ар кандай көрүнүштөрүнөн бошотуу керек деген маанайды колдойт - бул зарыл. Ал эми ЛЭР жана ДЭРдеги адамдарды коргоо үчүн чараларды көрүү керек", - деди Песков Кремль мындай позицияны колдойбу деген суроого жооп берип жатып.

Мурдараак КЭР башчысы 28-июлда Брестти советтик аскерлер бошотконуна 78 жыл толорун эске салып, шаарды орус жоокеринин эрдигинин жана каршылыгынын үлгүсү деп атаган.

"Бүгүн орус эли түптөгөн орус шаарларын: Киевди, Черниговду, Полтаваны, Одессаны, Днепропетровскни, Харьковду, Запорожьени, Луцкти кайрадан бошотууга мезгил жетти", - деп билдирди Пушлин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости