www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбековду “жеп” чыгышкан бийлик элитасынын накта башы Эдил Байсалов. “ Скорпион” жандыктарынын ичинде эң жырткычы болот. Алар энесинин курсагында жатканда эле, анын ашказанын тешип, өзүн мүлжүп  чыгышат. Эдил Байсалов деле “скорпион” сыяктуу өзүн кол бала кылып чоңойткон Жээнбековду “жеп”, анан бири-бирин чайнап жеп жатышат. Эң башында деликатес кылып Кубатбек Бороновду жешкен, андан соң Досалы Эсеналиевди жешти, кийинки курмандык Зулпукаров болду. Ага тоюшпай Асылбек Жээнбековду жешти, эми кимди жесек деп, алактап сукулдап турушат. Ыя?... Кыргыздар Эдил Байсаловдон  аман калабызбы, же ал Кыргызстанды мүлжүйбү?

Кошоматчы деген сөзгө терикпеген Эдил Байсалов басма сөзго маек бериптир. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары менен маектен кыскача:

«- Эдил мырза, отпуске жокпу?

- Буюрса дейли. Жапаровдор менен иштөө мен үчүн абдан кызык жана өтө татаал болуп жатат. Мейли, Садыр Нургожоевич менен болсун, же Акылбек Үсөнбековичти алалы...

Негизи, өзүм эркин жүрүп көнүп калган адаммын да. Кааласам Англияга учуп кетем, кайра келем дегендей. Анан Акылбек Үсөнбековичтен “отпускага барып келейин” десем, а киши “сенсиз бир күн жашайбыз, мейли эки күн жашайлы, а сен беш күнгө кетсең, элдер “Байсалову жок эле жашообуз өтө берет турбайбы” дейт. Ошон үчүн сен креслодо тикчийип отурушуң керек!” деди. А мен эч качан кресло үчүн жанталашкан киши эмесмин...

- Бирок кайсы бийлик келбесин креслодосуң да?

- Ооба, элдин баары эле мени “Күн тийген жердин күкүгү”, “жеткен кошоматчы” дешип, сиз айтканды айтып жүргөндөрүн угуп калам. Мен эми бул сөз үчүн терикпейм. Бирок адамда өсүү, өзгөрүү болуп турат».

Ушул берген маегинен эле Эдил Байсалов ким болуп өзгөрүп баратканын билсе болот. Эдил Байсалов мурун кандай эле?

Атамбаев «кызушкасы» экс-Башкы прокурор Индира Жолдубаева  менен учурунда түрк шаары Измирдеги атын атабаган ишканага акциясын саткандан кийин доллар менен эсептегенде миллионер болгонун жарыялаган. Атамбаевдин айтуусунда акцияны сатууда түшкөн пайда 45 млрд түрк лири болгон, Алмазбек Шаршеновичтин эсептөөсүндө бул курс боюнча 35 миллион долларга барабар экен.

Кыргыз жигити, анын үстүндө ал кезде мамлекет башчысы Атамбаев доллар менен миллионер болуп жатса кимдер кубанбасын. Бирок мурунку СДПКчы Атамбаев Убактылуу Өкмөттө биринчи орун басар кезинде аппаратты жетектеп турган Эдил Байсалов кубанбай эле валютанын курсу боюнча Атамбаев канча пайда тапканын  эсептеп чыккан. Чын эле ал чотко салып кагып көрсө  45 миллиард түрк лири курс боюнча 26 миң эле доллар болуп калат экен. Ал эми мурунку шефи айткан 35 млн долларлуу болуш үчүн болжол менен 58 триллион түрк лирине сатыш керек экен. Атамбаевдин бул аракети мынча акчаны кайдан таап алды, Кой-Таштагы падыша сарайды кантип курду  деген Өмүрбек Текебаевдин айтканына жооп болгон.

Капыстан «чычым» Эдил Байсаловдун чыга калышы Атамбаев тарапты бүт дүрбөтүп, Атамбаев чын эле Elektromed Elektronik  компаниясына акцияларын сатуудан 35 миллион доллар пайда тапканын, ал эми 45 миллиард деген сан ал компаниянын уставдык капиталы экенин билдиришкен. Бирок аудиттер текшергенде компаниянын наркы 33,7 миллион эле долларга бааланыптыр.

Атамбаев Түркияга байма-бай каттап турган, бирок ал саясий маселелер менен гана эмес, ден соолугун чыңдоо үчүн да барган. 2014-жылы тизесине ошол жерден операция кылганын билебиз, 2016-жылы инсульт болуп Түркиядан дарыланып келген. Атамбаевдин айтуусунда бир кезде Түркияда жашап, бизнеске ээлик кылган. Бирок ал бардык активдерин сатып жибергенин белгилеп жүрөт. Путин Собчактын чемоданын көтөрүп жүргөндө эле бай болгонун да айтып жүрөт. Совет учурунда эле эл катары жашап жүргөн Атамбаев бул байлыкты кимден мураска алган?

Атамбаевдик бийлик  учурунда Акаевдин пресс-катчысы Абдил Сегизбаевди  Улуттук Коопсуздукту жетектетип, ал эми мурунку жан сакчысы Улан Исраиловго Ички иштер министрлигине министр болгонун бардыгы эле билет. Ал кездеги Башкы прокурор Индира Жолдубаева болуп бул үчөө «балашка», «кызушкалар» Атамбаевдин кирпигине чаң жугузбай келген. Сегизбаевдердин үстүнөн кагаздар даяр болуп, жакында камалышы ыктымал деген сөз бар.  Кызык суроо туулат, булар элдин коопсуздугун ойлочу беле же Атамбаевдинби?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости