www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга каршы жарыяланган тоталдык гибриддик согуш Кытайга “кайталана” баштады. Бул тууралуу Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысынын орун басары Григорий Логвинов билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, ШКУга кирген өлкөлөр фейк маалыматтарга каршы туруу көйгөйүнө көңүл бурушу керек.

"Эл аралык мамилелерде болуп жаткан көрүнүштөр Англия элинин "Калем сенин кылычыңа айланат" деген санат сөзүн эске салууда. Азыр маалыматтык технологиялар түздөн-түз аскердик багытта колдонулуп, медиа мейкиндиги согуш талаасына айланды", — деди Логвинов.

ошондой эле, Логвинов тоталдык гибриддик согуш алгач, ШКУнун негиздөөчү мамлекеттеринин бири болгон Орусияга каршы башталып, эми Кытайга өтүп жатканын кошумчалады.

"Башынан эле ШКУ Батыш маалымат каражаттарында ачыктан-ачык кастык пикирлердин объектиси болуп келген. Акыркы жыйырма жыл ичинде Батышта биздин уюмду жек көрүүсү күч алды. Өзгөчө, Казакстандагы январь окуялары учурунда ШКУ менен ЖККУ Казакстандын мыйзамдуу бийлигин колдоп чыкканда муну даана көрө алдык", — деди ал.

Орусия Украинадагы атайын операциясын февраль айында баштаган. Муну менен катар РФ жетекчилиги Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы экономикалык жана маалымат согушун жарыялаганын айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости