www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөбүздун саясий-коомдук жана башкаруу түзүмү жаңы багытка төп келгенде өзгөрүлбөсө бул концерндер ийгилик жарата алат.
Жаңы түзүмүн аныктоодо кайсы билимге, окууга, кимдин тажрыйбасы үлгүсүнө таянуу керек. Маркс, Ленин, Сталиндин билимине таянган СССР 80 жылга жетпей кыйрады.
Капитан кийинки эки кылым убакытта дүйнө диндерин жеңип, алсыз кылып, таасирин жокко чыгарды. Коронавирус апааты адамзаттын эсин оодарып, шайын кетирип, дуйнө өлкөлөрүндө орун алган башкаруу тутумдун баары мезгил талабына жооп бербей алсыз жана жараксыз экенин ачыкка чыгарды. Мындай абалда өлкө келечегине жол издөөдө дагы отуз жыл текке кетирбей, алты миң жыл тарыхый жол баскан бабаларыбыздын тажрыйбасына таянып, үлгү алсак болбойбу?
Манас бабабыздын атын Непал, Индия, Тибет, Кытай, Кавказ, Алтай, Борбордук Азиянын даңазалуу дарыя, көл, чокуларына кыргыз байыркы заманда эле койгон, бирок бүгүн ар бөлөк динди карманган түркүн элдер ал жерлерди ыйык тутуп, сыйынганы бекер эместир!?!
Бийлик жаратканда, андан кийин элде! Адилет болбой эл жарыбайт: эл байлыгы-адилет, таянычы-калыстык, келечеги-акыйкат! Кан бийлигинен нарк күчтүү!
Эл бир болсо, бийлик тим болот. Атабыз-нур, энебиз-жер, каныбыз-суу, жаныбыз-аба. Эркек-сел, аял -көл! Эркектин билеги, аялдын тилеги күчтүү. Аял-үйдүн шам чырагы, тилеги, эркек-үйдүн күч кубаты, тиреги.
Иттин ээси болсо, бөрүнүн теңири бар. Жерге, сууга кесир кылсаң. Теңирим кырсыктап коет. Теңирим теңдикти жалгайт. Элде болсо тең болсун, тең болбосо көпчүлүктүн сугу өтүп кетет. Арам жукпайт. Үйгө каргыш алып келбе. Кан тукум кууйт. Пейилиң оңолмоюн, ишиң оңолбойт. Бата менен эл көгөрөт. Элине пайдасы жок тирүүнүн өлүгү.
Бул акыл, насаатты бабаларыбыз байыркы замандарда эле таап, аларга таянып, коло доорунан бери жок болуп кетпей, дүйнө элдеринин алдыңкы катарында жүрүп, Манас эпосун жаратып, бизге бейиштин төрүндөй керемет Мекен мурастаган экен!
Мекенибиздин жер байлыгы, суу байлыгы, табигый шарты дүйнө элдерди суктандырып турса, элибиздин рухий казнасы: ыйман, адеп, наркы, салты, сабаттуулугу бөлөк элдерге үлгү болуп турса, байыркы, даанышман бабаларыбыздын бактылуу жолу кан-жаныбызда уюп турса, кыргыз муктажбы улуу жолдон адашып, баптист, мунист, вахабист, салафист, либерал, консерватор. интернационалист, космополит капиталист ж.б. болуп, 275 саясий партия түзүп, бөлүнүп, жарылып, чачылып, карызга жашаган байкуш, бечара, бечел эл болууга? Албетте, муктаж эмес!!!
Келечек Кыргызстанга бабаларыбыздын байсалдуу жолу куттуу болсун!!!
Булак: NazarNews.kg