www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук ички иштер башкармалыгы эмне себептен жашы жете элек өспүрүм унаада уруп-сабалганы тууралуу маалымат берди.

Белгиленгендей, 26-июль күнү социалдык тармактарга эки белгисиз адам 15-16 жаштагы кызды коркутуп, 10 миң сомун кайда жумшаганын суракка алган видео тараган.

Аталган факты Кызыл-Кыя ШИИБи тарабынан катталып, Баткен жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын биргелешкен ыкчам-издөө иш-чаралары башталган.

Маалыматка ылайык, аталган видео Ноокат районунун аймагында тартылганы жана суроолорду берген адам буга чейин үч жолу соттолгону аныкталган. Буга байланыштуу иштин материалдары Ноокат РИИБге өткөрүлүп берилген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2020-жылдын жаз айларында Ноокат районунун Арал айылынын 31 жаштагы Б.Э. аттуу тургуну, «Ноокат жаштары» кайрымдуулук фондунда иштеп жүрүп, Кызыл-Кыя шаарынын 15 жаштагы (ал азыр 17 жашта) тургуну менен таанышканы аныкталган. Кийин өспүрүм кыз Талас районунун тургуну менен фондго тиешелүү 10 миң сомду уурдап, изин жашырып кетишкен.

Б.Э. аталган кызды Оштон тапкан. Алар Ноокатка баратышканда унаасы бузулуп калып, фондго кабарлаш үчүн видеого тартып баштаган. Бул жазууну ал кесиптештерине өткөрүп берген. Аталган видеону кийинчерээк фонддун акчасын кыз менен чогуу короткон Расул аттуу адамдын өздүгүн аныктоо максатында Б.Э өзү социалдык тармактарга жарыялаган.

Ошондой эле Б.Э дагы бир нече кылмыш жасагандыгы аныкталган. Алсак, 2022-жылдын 27-июль күнү саат 23:20 чамасында Ноокат шаарынын борборунда 26 жаштагы Т.уулу Р. менен урушуп, ага бычак сайып, изин жашырып кеткен. Бул факты катттоого алынып, кийинки күнү кылмышка шектүү Б.Э кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан тышкары, ушул эле жылдын 1-июлунда Ноокаттын Кеңеш айыл аймагынын Шаңкол айылында дүкөндөрдү тоногон деп да шектелүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости