www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын укук коргоо органдары «Азаттыктын» маркум кабарчысы Уланбек Эгизбаевге жана ал даярдаган “Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасына катышкан Бишкектеги ритуалдык кызматтын мурдагы кызматкери Максат Баялиевге келген бош конверттер тууралуу маалымат бере элек. Баялиевге актай барак салынган конверт 18-июлда келгени белгилүү болду. Ал аны журналист Уланбек Эгизбаев каза болгондон кийин коомчулукка жарыялады.

- Ичинде актай эле А4 барагы бар. Ал эми сыртында Бишкек шаары, Үсөнбаев 24-үй, 4-батир деп жазылып турат.

“Кыргыз почтасы” аркылуу жиберилген ушундай эле кат 16-июлда Уланбек Эгизбаевге да келген. Ага жолдонгон конверттин ичинде эч нерсе жазылбаган эки барак салынган.

“Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасы быйыл 30-майда чыккан. Анда Бишкекте көптөн бери көйгөй жаратып келаткан көрүстөн маселеси козголуп, жер жетишээрлик экени, бирок кабырларды сатуу бизнеске айланып кеткени айтылган. Бул көрсөтүү коомдо кызуу талкуу жараткан. Азырынча ага укук коргоо органдары тарабынан реакция боло элек.

Бош конверттер боюнча Улуттук коопсуздук комитети кийинчерээк маалымат берээрин билдирди. Ички иштер министрлиги комментарий бере элек.

Курч иликтөөлөрдү даярдаган Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн маалда каза болгон. Сөөгү өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлду. Милициянын алдын-ала жыйынтыгында 28 жаштагы журналист көлгө чөгүп кеткен. Экспертизага катышкан анын жакындары маркумдун бутунда так бар экенин байкашкан. Милиция бул тактар эмнеден экени бир айдан кийин, соттук-медициналык экспертизанын толук жыйынтыгы чыккан соң белгилүү болоорун айткан.

"Азаттык" Уланбек эс алган "Акун" пансионатына барганда маркум сууга чөккөн жерде тайыз болуп келатып эле болжол менен 2,5 метрдей терең кеткен ойдуң бар экени маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости