www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт тарабынан укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттерин текшерүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Бул тыюу салуу COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу маселелери боюнча, бажы кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү менен жазык жана жарандык процесстин алкагында жүргүзүлгөн текшерүүлөргө жайылтылбайт.
Чечим ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ишкердик субъекттеринин экономикалык ишмердүүлүгүн колдоо, алардын укуктук жактан корголушун камсыз кылуу, айрым укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүсүн жоюу, COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу кабыл алынды.
Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg