www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочулар Орусиянын президенти Владимир Путинди Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун активисттерге каршы билдирүүсүн айыптоого чакырышты.
"Human Rights Watch", "Amnesty International" жана "Front Line Defenders" деген уюмдар 28-августта кабыл алган билдирүүдө "Кадыровго укук коргоочуларды, козголоңчу деп шек саналган адамдардын жакындарын коркутуп-үркүткөн сөздөрдү айтууга уруксат берилбеши керек" деп айтылат.
"Орусиянын мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келген билдирүүлөр менен аракеттер мыйзам чегинде жазаланышы үчүн чара көрүлөт деп күтөбүз", деп билдиришти укук коргоочулар.
20-августта чечен жаштарынын тобу жергиликтүү полиция кызматкерлерине кол салышканда бир полиция кызматкери өлүп, үчөө жарадар болгону кабарланган. Кадыров кол салгандардын туугандарын да кошо жазага тартаарын айтып, укук коргоочу активисттерди да опузалаган.
Булак: Борбордук Азия жаңылыктары