www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы кезде «өзгөчө касиетке ээмин» деп, эмчи-домчу болуп, ооруп же иши жүрүшпөй жүргөн адамдардын акыркы акчасын сыгып, алдаган адамдар көбөйгөнү жашыруун эмес. Андай адамдар менен деле ишим жок, мен үчүн кесиптешим, бир убакта студенттик күндөрдү чогуу бир жатаканада өткөргөн Улан-Бек АЛЫШБАЕВге элдин каз-катар тизилип келип, көрүнүп, шыпаа издеп жүргөнү абдан таң калтырды. Студент кезде эле тың жигиттерден эле. Көрсө, 2006-жылы автокырсыкка кабылып, төрт күн реанимацияда жатып, айыгып чыккандан кийин касиеттерге ээ болуптур. Учурда ага карапайым калк менен катар саясатта, шоу дүйнөсүндө аты чыккандар да келип турушат экен. Бирок, кара энергиясы менен келген адамдарды кабыл албасын билдирди. Акындык жайы бар журналисттин минтип элдик дарыгер болгону, алтургай келечекке божомолу абдан кызык.

-Сооронбай Жээнбековдун бийлиги учурунда элдин абалы кандай болот?

-Бул киши тууралуу көп сөз кылса болот. Кыскача айта кетейин. Шайлоодон жеңээри тууралуу түш көрүп, анан айткам. Бул жерде админстративдик ресурс жана акча дегенди дээрлик баардык талапкерлер колдонушту. Бийлик менен байлыктын ортосунда күрөш болду. Кандай күрөш болсо да мен айтаар элем, биринчиден, Сооронбай Жээнбековдун жөнөкөйлүгү ага упай топтоп берди. Эми эки тизгин бир чылбыры колунда бар бул кишинин бийлигинин алдында эл тынч эле болот.

-Мөөнөтүнүн акырына чейин президенттик такта отурабы?

-Ошол жагы мени ойлондурат. Анткени мага түшкөн аяндарда Сооронбай Жээнбековдун ички органдары ооруйт. Өт, уйку без, боор дегендер, панкре­атит оорусу менен жабыркап жүрөт окшойт. Эгер ден соолугун карап, дарыланып турбаса, эки жарым жылдан кийин бийликтен кетип калышы күтүлөт. Кудайдан «соолугун берсин» деп тилейли.

-Эгер ден соолугу бийликте отурууга тоскоол болсо, абал кандай болушу мүмкүн?

-Сооронбай Жээнбековдон соң өзүнөн кийинки курактагы жаш президент болуп калышы мүмкүн. Саясатта тажрыйбалуу адамдын элеси келип жатат. Бир убакта өкмөт башчы болуп иштеп кеткен экен…

-Учурда «Кыргызстанды ким башкарат?» деп түпөйүл тарткандар көп. «Атамбаев бийликтегилерди каалагандай калчайт» дегени чынбы?

-Булар Алмазбек Атамбаевге ашып кетсе бир жарым жыл «иштеши» мүмкүн. Ал убакка чейин азыркы президенттин өзүнүн командасы бекийт. Алардын деле жеке амбициясы бар да, өз алдынча иш алып барышат. Кимиси эмне кылбасын, ар бири эл үчүн пайда келтирип турса болду.

-Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мындан аркы саясый келечеги барбы?

-Убагында тарых бул кишинин эмгектерин баалайт. Келечек десеңиз эсиме түшүп жатпайбы. Атамбаев президенттиктен түшкөндөн кийин дагы бир түш көрдүм. Менимче, Атамбаевге атайын кол салуу болот окшойт. Ал азыр деле өзүнүн жан- сакчылары менен жүрсө керек. «Сактансаң сактайм» дейт, эмне болсо да сак жүрсүн. Саясатчылардын арасынан өзүнүн командасынан бирөө саткындык кылат, чет өлкөлүк адам кол салышы мүмкүн.

-Ал саясатка кайра кайтып келеби?

-Ооба, бир жылдан кийин толук саясатка кайтып келет. Өзүнүн партиясын жаңыртып түптөп, кийинчерээк оппози­ция болот.

-Жаңы президент камактагы саясатчыларды боштондукка чыгарабы?

-Экөө чыгат, балким Өмүрбек Текебаев биринчи, Садыр Жапаров кийинчерээк эркиндикке коё берилет. Калгандары жазасын шарттуу түрдө алып чыгышат. Аларды чыгаруу азыркы президентке элдин сыйын алып келет.

-Алар кайрадан саясатка аралашабы?

-Экс-президент «аркамды тазалап кетем» деп бекеринен айткан эмес да. Алар акталып чыккан күндө да «саясый тарп» болуп калышты. Кийинки сая­сатта эски саясатчылар анча таасирдүү болбойт.

-Көпчүлүгү үчүнчү революциянын болушун боолголоду эле, эмне үчүн болгон жок?

-Ооба, ошентип чыгышкан. Мен айтаар элем. Биринчиден, элдин аң-сезими жыл өткөн сайын өсүп баратат. Эл улам-улам эле артка кетүүнү каалаган жок. Анын үстүнө акыркы алты жылда Кыргызстанда көзгө көрүнөрлүк жумуштар көп эле бол­ду. Жолдор салынды, оңдолду, мектептер салынды, ФАПтар курулууда, мамлекеттик ар кандай тармакта иштегендерге үй салып беришти жана башка дегендей. Эл аралык аренада кыргыз элин дүйнө эли демократ, эркин эл катары кабыл алып калышты. Мунун баары эле жылыш да. Албетте, кемчиликтер болбой койгон жок. Идеалдуу мамлекет Америкада да жок. Жылкыбызга ченеп ышкырып, бир аз жылыштар байкалды, буларга да шүгүр дейли. Бул жылыштарды эл көрүп турат да ошон үчүн толкуган жок. Экинчиден, өлкөнүн тынчтыгын сактоодо экс­ президент Атамбаевдин да салымы чоң болду. Үчүнчүдөн, эл дүргүп аркасынан ээрчип кете турган оппозицияда бир лидер болгон жок да, Бабановдон баш­ка. Бабанов өз деңгээлин көрсөтүп койбодубу.

-Бирок, «эл деген сел» дегендей, бул бийлик учурунда толкушу мүмкүнбү?

-Чоң революцияны ким кааласын? Элдин тынч, аман болго­ну эң башкысы эмеспи. Ошентсе
да мамлекеттик органдар мыйзамга таянып алып, өздөрү коррупцияга малынып, элдин эркиндигин бууй бере турган болсо, бунт чыгышы мүмкүн. Мисалы, МАИнин укугун жогорулатып жатат, жөнөкөй айдоочунун укугу кайда калат? Эгер жөнөкөй жарандар жазаланып, бийлик жана байлыкка ээ адамдар жазадан кутулса, элди кыжырдантышы мүмкүн. Жөнөкөй элдин кызыкчылыгын, укугун биринчи орунга койгон өлкө гана алдыга жылат. Сот, ИИМ органдарындагы коррупцияны жоготуу да өзүнчө чоң маселе болуп турат. Элдин көбү мыйзамды толук түшүнбөгөндүктөн мамлекеттик кызматтагыларга жем болгон учурлар көп эле катталып жатпайбы. Элге тартипти орнотуу керек, бирок адам укугун тебелөө ме­нен эмес.

– Коомдо жик-жикке бөлүнүү байкалууда. Айрыкча кыргыздар теңирчилер менен мусулмандар деп ачык эле бөлүнүп башташты. Дегеле азыркы учурда башка динди тутунган кыргыздар да аз эмес. Коом кандай болот?

-Туура баамдадыңыз, ошондой эле болуп жатат. Эки жак тең агартуучу тарап, бирок агартуучу вазийпасын унутушуп, бири ата тек касиеттерге, кайып илимине таянып сүйлөсө, экинчи тарап Куранга, динге таянып тирешип жатышпайбы. Жалпы түшүнүккө келе албай элдин да эсин эки кылып жатышат. Теңирчилер менен мусулмандардан сырткары кенедей Кыргызстанда эмне де­ген секталар бар? Баардыгы баш айлантуу менен алек. Бири-бирине миллиондогон кара дубаларды жасап, жамандык каалашканын ачык айтышпаса да интернеттеги сайттарда ачык эле бөлүнүп алышып, мушташып жатышпайбы.

-Сиз ошондо теңирчисизби, же мусулмансызбы, кимисине кошуласыз?

-Мен эч кимисине кошулбайм. Келмемди келтирип, Кудайга жалынып, намаз окуп жүргөнүм мусулманчылыгым, кыргызчылыкты карманганым касиетим. Экөөнүн тең пайдасы бар мен үчүн. Ааламды күч, коркутуу менен эмес, акыл, рух менен башкаруучу доор келе жатат. Бул түшүнүккө көбү келе элек, учуру келгенде менин мындай кадамдарымды туура кабыл алышат. Кеп теңирчи же мусулман болушта эмес, кеп адам болушта жана ар бир улут диндерди, жалган илимдерди ээрчип маңкурт, фанат болуунун ордуна улуттук өзөктү, каада-салтты, үрп-адатты сактап калышта. Биз өзүбүздөн кийинки муундарды адашкан коомдорго айландырбай бир ишенимдеги күчтүү агымды жаратып кетишибиз керек. Эртеби-кечпи баарыбызга өлүм периштеси келет, теңирчиң да, исламист фанатың да, сиз да, мен да өтөбүз. Кеп эмнеде? «Кыргыз» деген атыбызды өчүрбөй кийинки муун­дарды кыргыз кылып тарбиялап кетсек, чоң эмгек болот эле.

-Өтүп жаткан жыл кыргызга кырсыктары менен башталып, көп адамдын өмүрүн алып тынды. Келе жаткан жылы кырсыктар болуп кетпейби?

-Андай деле чоң апааттарды көргөн жокмун, бирок мен алдыда кырсык болушун каалабагандыктан жамандык тууралуу маалымат алгым келбейт. Кыр­гызстанда жаратылыштын абалы тынч эле болот. Башка өлкөлөрдө табигый кырсыктар катталат.

-Ит жылында адамдар эмнеден сактаныш керек, ден соолуктары кандай бо­лот?

-Эми баарыбыз эле тирүү жанбыз да, ооруйбуз, айыгабыз дегендей. Ошентсе да келе жаткан жылда өпкөнүн өнөкөт оорулары күчөшү мүмкүн, дем алуу органдарына сак болушуп, азыртадан астма, бронхит деген сыяктуу илдеттери барлар дарылана жүрүшсүн. Кан басымы жогорулар да убак-убагы менен такай дарыланып турушсун.

Гүлмира Раимбек кызы

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости