www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата негизсиз козголгон кылмыш ишти түшүнүксүз тергөө аягына чыкты. Карап көрсөк, бул ишти биздеги мыйзамдар жана кодекстер менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес экен, Кыргызстан Конституциясы сактаган адам укугу бузулганын айтпай эле коелу.

Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу иши менен (Юстиция министрлигине Елисеевдин атынан арыз жазган) алектенген КСДП фракциясынан Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы чакырылышынын экс-депутаты Иванов болуп чыкты. Ал 2010-жылы Юстиция министрлигинин алдындагы адвокаттык лицензияларды берүү боюнча квалификациялоочу комиссиянын мүчөсү болгон, ал эми комиссиянын төрагасы, Юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева эле, ошондой эле Адвокатура жана нотариат иштери боюнча башкармалык бул айымдын көзөмөлүндө болгон.

Азыр коркпой айта берчү жагдай, учурда белгилүү болгондой бири-бирин жакшы тааныган топтун кызыкчылыгы болуп, Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууга өз үлүштөрүн кошушкан, бирок бардыгы түшүнсүн үчүн айтып коелу, лицензияны узартууда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Буйрукка кол коюуга даярдык Жылдыз Мамбеталиеванын жана Адвокатура жана нотариат башкармалыгынын начальниги Марипа Сейдалиеванын жетекчилиги астында жүргөн, экөө тең Елисеевдин ишенимдүү кишиси Ивановду жакшы таанышкан. Дагы белгилүү болгондой, Жылдыз Мамбеталиева “Ак жол” партиясынын мүчөсү катары 2007-жылдагы шайлоодо ЖК депутаттыгына талапкер болгон экен. Ага агездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев өз буйругу менен шайлоого катышууга укук берген.

Ал учурда Аида Салянова Юстиция министри кызматында бир нече ай иштеп турган, буга чейин Юстиция министрлигинин статс-секретары эле, адвокатурага эч кандай тиешеси болгон эмес. Ошондуктан ал Ивановду да, Елисеевди да тааныбашы мүмкүн эле.

Ал эмес Елисеевден келип түшкөн арызда Аида Салянованын визасы жок, Юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева менен Адвокатура жана нотариат башкармалыгынын начальниги Марипа Сейдалиеванын визага койгон колдору турат, Елисеевге карата буйрук даярдалсын дегени менен кошо.

Жылдыз Мамбеталиева Елисеевдин лицензиясын узартууда эч кандай мыйзам бузуу жок экенин билип, Аида Саляновага буйрукка кол койдурууга кирип, Елисеевге уруксат берүүгө эч кандай тоскоолдук жок экенин доклад кылган. Анан бул лицензияны узартуу боюнча чыр чыкса, бардык моралдык күнөөнү Саляновага оодарып коебуз деген ойлору болгону белгилүү болуп олтурат, мыкты сценарий экен, мыйзам бузулган жок, жоопкерчилик да жок.

Анан Аида Салянова Кыргыыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча Референдумга каршы чыгары менен дароо Елисеевдин узартылган лицензиясын эстей коюшуп, саясый боек сүйкөй коюшту да, Аида Саляновага карата кылмыш ишин козгошту.

Эң кызыгы баш прокуратура жана улуттук коопсуздук кызматы Жылдыз Мамбеталиева менен Марипа Сейдалиева карата кылмыш ишин токтотуп, кылмыштын курамы жок деген бүтүм чыгарышкан. Көрсө, Аида Салянова Юстиция министри болуп туруп, өзү чуркап, документтерди чогултуп, Елисеевдин лицензиясын узартууга буйрук даярдаган экен?!

Ушундай да болушу мүмкүнбү? Көрсө, азыркы бийликтин тушунда сопсонун эле болот экен, бир дагы кылмыштын курамы болбосо дагы, мамлекетке эч кандай зыян алып келинбесе дагы кишинин мойнуна каалаганды иле берсе болот берет турбайбы, болгондо да бир киши каалаганда!

Ачык эле айтып коеюн, Аида Салянова Мыйзамдын чегин эч качан аттаган эмес, бул өзүнө, жакын туугандарына ойдон чыгарылган асылуулар – кайсыл бир топтун бир жактуу саясаты, анда ар бир үтүрдү да каалаган багытына бурмалап жатышат.

Адвокат Улан Джумаковдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Которгон Кызгалдак  ЖАКЫПОВА

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости