www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-сентябрь күнү Бишкек шаарыда маркум журналист Уланбек Эгизбаевге арналып куран окутулуп, эскерилди. Бул иш-чарага Уландын ата-энеси, жубайы Кочкордон атайын келип катышты жана аны эскерүү үчүн ар тараптан, ар түрдүү тармактагы адамдар чогулушту. Чогулгандардын сүйлөгөн сөздөрүн ирети менен берип, Улан тууралуу коомдук адамдардын пикирлерине назарыңыздарды бурабыз.

-"Уландын эмгегин, жасаган иштерин, жашоосун жеке эле журналисттерге эмес, бүт кыргыз жаштарына үлгү кылып жеткирип, улантышыбыз керек. Анын жалгыз тилеги, үмүтү ошол болсо керек эле. Жеке чыгармачылыгын, иштерин даректүү тасма кылышыбыз керек. Буга чейин башка журналисттер эскерүү сүйлөп коюңуз дегенде, сүйлөбөй баш тартып келгем. Себеби мен үчүн Уланды эскерүү абдан оор, сүйлөй албайм. Мага Улан командировкага кетип, эми келе тургандай эле сезилет", - деп көзүнө жаш алды  маркум Улан Эгизбаевдин кесиптеши Токтосун Шамбетов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости