www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улан Исраилов интригадан колу бошобой

Бирде көлдүк, бирде чүйлүк боло калып жүргөн ИИМ министри Улан Исраиловго учурда көлдүктөр нааразы болушууда. Анткени анын Эркин Мамбеталиевге карата жасап жаткан куугунтуктоосу жигиттикке, ал гана эмес адамкерчиликке да жатпаарын эскертишет. Эркин Мамбеталиевдин башынан кандай гана кыйынчылыктар өтпөдү, Бакиевдер аны өмүр бою түрмөгө кестирип, ошол жерден өлтүрүп коюуну көздөшкөн.

Мына ушундай кыйынчылыктар менен актыкка жетип, өзүнүн ак экенин далилдеп чыккан мезгилде, кокусунан эле колтугунда жүргөн кишиси тор жайып, Атамбаевге каралап, кысым көрсөтүп жатканы Бакиевдер жасаган кордуктан да алда канча кыйын жана өкүнүчтүү болууда. Бекеринен кыргыздар «мал арыгын баксаң оозу-мурдуң май болот, адам арыгын баксаң оозу-мурдуң кан болот» – деп айтышпаган чыгаар.

Карала болуп көчөдө жүргөн жеринен бооруна тарткан адамы котур-ташын койнуна катып жүрүп, колуна бийлик тийгенде басынтып жатканы кимди да болсо ойго салбай койбойт. Улан Исраилов ИИМ министрлигин деле жыргатып жиберген жок. Эч кандай өзгөрүү да болгон жок. Улан Исраилов интригадан колу бошобой жатканы айдан ачык көрүнүп турат. Чала көлдүк, чала чүйлүк болгон Исраилов аз күндө Көлгө да, Чүйгө да батпай калбаса эле болду.

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости