www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте органдардын донорлугу жана трансплантациясы боюнча эл аралык симпозиум өтүп, ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Иш-чарага 10дон ашуун өлкөнүн алдыңкы окумуштуулары жана дарыгерлери чогулду.
Улан Маматканов өз сөзүндө трансплантологияны өнүктүрүү заманбап технологиялардын, инновациялык диагностиканын жана эл аралык тажрыйба алмашуунун негизинде адамдардын өмүрүн сактап калууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, мындай илимий аянтчалар кесиптик кызматташтыкты чыңдап, медициналык практиканы жакшыртууга жана трансплантология тармагындагы алдыңкы чечимдерди ишке ашырууга өбөлгө болот.

МинКаб Төрагасынын орун басары акыркы жылдары саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каржы кыйла көбөйгөнүн айтып, 2021-жылы 21,5 миллиард сом болгон тармактык бюджет 2025-жылы 52 миллиард сомго жеткенин билдирди. Ошондой эле медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылганы белгиленди.

Маалыматка ылайык, акыркы үч жыл ичинде мамлекеттин колдоосу менен республикалык бюджеттин эсебинен 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган. Анын 42си Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, 13ү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасында жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, мамлекеттин каржылоосу менен үч боор алмаштыруу операциясы жасалып, 2024-жылы Кыргызстанда алгачкы жолу жилик чучугун алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөн.

Улан Маматканов жетишилген ийгиликтер мамлекеттик колдоо, медициналык инфраструктураны чыңдоо, адистерди даярдоо жана эл аралык кызматташтык аркылуу мүмкүн болгонун белгиледи. Ошондой эле кыргызстандык ондогон дарыгерлер чет өлкөлөрдө трансплантология багыты боюнча квалификациясын жогорулатканы айтылды.

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети трансплантология кызматын өнүктүрүүнү мындан ары да колдоого алат”, — деди ал.

Симпозиумдун жүрүшүндө бөйрөк, боор жана жүрөк трансплантациясынын заманбап ыкмалары, донордук, иммунологиялык шайкештик, инфекциялык коопсуздук, ошондой эле трансплантациянын укуктук жана этикалык маселелери талкууланды.

Өзгөчө балдардын трансплантациясын өнүктүрүүгө жана медициналык кадрларды даярдоого көңүл бурулду.

Последние новости