www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште «Эне сүтүн алмаштыруучу заттардын маркетингинин эл аралык эрежелеринин топтомунун жоболорун ишке ашыруу жөнүндө» аттуу тегерек стол өттү.
Иш-чарага депутаттар, мамлекеттик органдардын, медицина тармагынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Тегерек столду депутат Токтобүбү Ашымабева алып барып, жыйындын жүрүшүндө балдарды жасалма тамактандыруунун коопсуздугу, бала эмизүүнүн мааниси жана анын баланын ден соолугу менен толук кандуу өнүгүшүндөгү ролу талкууланганын билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда бала эмизүүнүн көрсөткүчү 44%ды гана түзөт. Ошол эле учурда эне сүтүн алмаштыруучу азыктардын агрессивдүү жарнамасы күчөп жатканы белгиленди.
«Балдардын ден соолугуна салынган инвестиция – бул келечекке салынган инвестиция», – деди депутат Токтобүбү Ашымабева.
Ал ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы мыйзамдарды, айрыкча балдарды жасалма тамактандыруу үчүн арналган азыктарды жарнамалоону жөнгө салуучу жоболорду өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.
Тегерек столдо ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа, уюмдун юридикалык маселелер боюнча адиси Екатерина Щац жана эксперт Нуржан Бардинова да баяндама жасашты. Анда «Жарнама жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору тууралуу маалымат берилди.
Депутаттар Салтанат Аманова, Гүлнара Баатырова, Гүлай Машрапова, Жылдыз Эгенбердиева жана Умбеталы Кыдыралиев мыйзам долбоорун колдоп, бала эмизүүнү жайылтуудагы негизги тоскоолдуктардын бири катары жасалма азыктардын жарнамасын аташты.
Катышуучулар ошондой эле ымыркайларды туура тамактандыруу, иммунитетти бекемдөө жана балдардын ден соолугун чыңдоо маселелерин талкуулашты.