www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-июнда ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалым болгондой, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Ду Дэвэнге иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай элчилигине министрликтин жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө, жарандардын коопсуздугун камсыздоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган аракеттерине кошкон салымы үчүн ыраазычылык айтып, бул өз кезегинде калктын милицияга карата коопсуздукту камсыздоо жана ишеним сезимин калыптандырууга өбөлгө түзөөрүн билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ду Дэвэнь КЭРдин еоомдук коопсуздук министринин атынан Улан Ниязбековго 2023-жылдын 19-сентябрынан 21-сентябрына чейин Кытайдын Цзянсу провинциясынын Ляньюньган шаарында өтө турган глобалдык коомдук коопсуздук маселелери боюнча эл аралык форумга катышууга чакыруу кагазын тапшырды.
Өз кезегинде Улан Ниязбеков элчиге чакыруу кагазын тапшыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg