www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абигья Ананд 16 жашта болгонуна карабастан, учурда белгилүү көзү ачык, астролог-божомолдоочу. Убагында ал Индиядагы катардагы жөнөкөй өспүрүмдөрдүн бири болгон. Кийин анын астрологияга болгон кызыгуусу артып, алдын ала айткандары туура чыга баштаган. Ананд дүйнөгө 2019-жылы YouTube`ка алдыдагы боло турган окуялар тууралуу видеолорун жүктөп белгилүү болгон. Жаш көзү ачык коронавирус пандемиясы жана Гаитинин президентинин каза боло турган күнүн так айткан. Жакында эле Ананд 2023-жылдын жай жана күз айларындагы коркунучтуу окуялар тууралуу жаңы божомолдорун жарыялады. Анын божомолунда, алдыда бизди чоң өзгөрүүлөр күтүп турат.
Жаш астрологдун айтымында, Сатурн адамдардын жашоосуна чоң таасирин тийгизет. Бул планетанын аркасында жакынкы бир жарым жылда фармацевтика тармагында каржылык жылыш болот. Бирок 2023-жылдын март айынан октябрь айына чейин бизди эң кооптуу мезгил күтүп турат.
Абигья Ананд Украина менен Россия Федерациясынын ортосундагы чыр-чатакты үчүнчү тарап козутуп, согуштук аракеттерди токтотууга мүмкүндүк бербей жатканын айтып, Украинадагы абалды Ооганстан менен салыштырган.
“Аталган жагдайда эң маанилүү нерсени түшүнүү керек. Бул чыр-чатактын негизги максаты Россия Федерациясы менен Украина элдеринин ортосундагы согуш эмес, славян элдерине зыян келтирүү болуп саналат. Үчүнчү тарапты эки элдин тагдыры кызыктырбайт”, - дейт ал.
2023-жыл жай айы...
Жай айы окуяларга бай болот. Абигья Ананддын айтымында, көпчүлүк элдер ачкачылыкка туш болушат, бирок бул маселе Россия Федерациясын айланып өтөт. Өлкө сыноолорго кабылганы менен экономикалык абалы бекемделет.
Ошондой эле дүйнөдө абал тынч болбой, криптоволюта жок болуп, экономикалык абал элди коркунучка салат. Африкадан жаңы инфекция келип, көпчүлүк өлкөлөр жарандарды сыртка чыгуусуна тыюу салат. Күз айында абал курчуйт. Ал эми Россия Федерациясы дүйнөлүк жаңылык жана окуяларга карабастан өнүгөт.
2023-жыл күз айы...
Күз айында боло турчу табигый кырсык көп адамдарга чоң таасирин тийгизет. Дал ушул окуя башчылар менен элдин жашоосуна, иш-аракетине өзгөрүүлөрдү алып келет. Табигый кырсык 2024-жылдын март айынын аягына чейин болот. Ошондой эле астролог технологиялык кырсык дагы болорун эскертет. Россия Федерациясы көптөгөн адамдардын башын бириктирген борборго айланат. Абигья Ананддын айтымында, Сибирь Россиянын жүрөгүнө айланат.
Россия Федерациясы тууралуу божомолдор...
Ананддын айтымында, Россия 20 жылдан ашуун убакыт ар кандай окуяларды баштан өткөрө турганы менен бул анын курчушуна себеп болот. Өлкө бул сыноолордон өтүп алса, баары өз нугунда кетет.
Дүйнө жүзү үчүн божомолдор...
Индиялык астрологдун божомолунда, жакын арада рынок кыйроого учурайт. Глобалдуу энергетикалык кризистен улам адамдар жарык үчүн каражат төлөй албай калышат. Жер шарынын жарымы оор абалга учурайт. Бул кырдаал адамдардын экологиялык таза энергияга өтүүсүн шарттайт. Адамзат энергетикалык бурулушка муктаж болот. Эгерде бул абалдан чыгып кетүүгө жол табылбаса, абал күндөн-күнгө начарлай берет.
Жакын арада биз буга чейин ойлоп көрбөгөн окуялар орун алат. Астрологдун айтымында, мындай учурда эң башкысы провокацияга алдырбай, жакындарга жардам берүү керек.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.
Булак: NazarNews.kg