www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөөнү прокуратура органдары көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Сүйүнбек Мунайтбасов билдирди:

- Бул ишти Башкы прокуратура дагы көзөмөлүнө алган. Азыркы убакта соттук-медициналык корутундунун негизинде прокуратура иш козгоого уруксат берип жатат. Облустук прокуратура иликтөө жүргүзүү үчүн көзөмөл иретинде 9-августта материалды суратып алып караган. Мындан сырткары ар бир эс алуу жайын ачарда сактоочуларды ишке алып, көлдүн жээги изилденет, чек коюлат. Ошолор жок экен. Бул боюнча дагы Экотехинспекцияга тапшырма берилди, алар корутунду чыгарып берет.

Мунайтпасовдун белгилешинче, көрүстөндөгү коррупция боюнча тартылган материалга байланыштуу Улан Эгизбаевдин дарегине айтылган коркутуулар, бош каттын келиши да иликтенип жатат. Бул боюнча Ленин райондук милициясына юридикалык баа берүү үчүн материалдар жөнөтүлдү.

Буга чейин Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылган.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болгон. Милиция ал Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткенин билдирген. Анын өлүмүнүн себептерин иликтеген соттук-медициналык экспертизанын акыркы жыйынтыгы бир ай ичинде чыгышы керек. Маркумдун туугандары күнөөлүү адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости