www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-февралда "Ата Мекен" партиясынын шаардык конференциясында "Ата Мекен" партиясынын Бишкек шаарындагы координатору Уланбек Турдалиев азыркы саясый элитаны катуу сынга алып, алдыдагы парламенттик шайлоого дагы токтоло кетти. 

"Элибизде “эшегине жараша тушагы, элине жараша башчысы” деп коет. Акыркы кездерде саясый элитабыздын аброю болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетти. Парламент чимкирик деп аталды. Аткаруу бийлиги, сот системасы ж.б мамлкеттик органдар элдин ишениминен ажырап калды. Бизди кошуна мамлекеттер да теңсинбей калды. А бирок ошол саясый элитаны биз, эл өзүбүз шайладык да. Биз шайлаган өкүлдөр ушул Өкмөттү түздү да. Демократия бул эл бийлиги. Элдин бир гана куралы бар. Добуш аркылуу өз өкүлдөрүн өлкөнү башкарууга шайлап алышат. Акыркы 30 жылда деги эле эгемендүүлүк алгандан берки жылдарда бизде шайлоолор кандай өттү? Өзүбүздүн өкүлдөрүбүздү кантип шайлап алдык?Тууганчылык, жердешим, уруулашым чайын ичип, тайын жеп, акчасын алып шайлап аттык.

Урматтуу Кыргызстандыктар, урматтуу калайык калк эгерде өлкөдө коррупция күчөп атса анда ар бирибиз күнөөлүүбүз. Эгерде өлкөдө адилетсиздик өкүм сүрсө анда баарыбыз күнөөлүүбүз. Өлкөдө кылмыштуулук күчөсө ар бирибиз күнөөлүүбүз. Унчукпай, акчасын алып, макул болуп, керек болсо жардамдашып жатпайбызбы! 

Мамлекеттин өсүп өнүгүүсү ар кандай реформанын ишке ашышы, коомдун саясый аң-сезимине саясый түшүнүгүнө, маданиятына жараша ишке ашат. Мен баардыгыңыздарды саясый жоопкерчиликке, ой кыялыбызды, пейилибизди , ниетибизди түздөөгө. Ниетибизде аң-сезимибизде революция жасоого чакырам. Эгерде мунун баары  табигый, убакыттын өтүшү менен эволюциялык жол менен калыбына келет десек, анда биз мамлекетибизди жоготуп алабыз", - деди координатор Уланбек Турдалиев. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости