www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аргасыздан түңүлөсүн эй! Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев менен коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин профессионалдуулугу, мекенди коргоого болгон аракеттери ич жылыткан жок. Кайгы арала шый тартуулады. Атаңдын көрү! Баткендеги согуштан соң эки жетекчинин алсыздыгы даана байкалды.
Бакыйган системаны башкарып жатышып, эң жок дегенде элге туура маалыматтарды жеткизүүдө, алдын ала жай тургундарды коргоодо чалагайым болушуп, деги эле алсыздыктары ачык көрүндү.
Эң башкысы, коопсуздукка карай ыкчам чараларды кыла алышпай, жетеленме, чийки кадрлар катары таанылганы ырас. Иш жүзүндө Уларбек Шаршеев менен Таалайбек Өмүралиев ээлеген кызматтарынан бошотулушу шарт. Мындай колбашчылар менен алыска бара албайбыз, элибиздин гана шору!
Булак: Азия News гезити