www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Республика» партиясынан 4 жолу, КСДПдан 1 жолу КТРКнын байкоочу кеңешине мыйзамсыз шайланган Жылдыз Бакашованын зоболосун көтөрбөй сак болуңуз», - деди бүгүн, 6-майда NazarNews маалымат агенттигине акын, журналист Сонунбүбү Кадырова.

Урматтуу, Садыр Нургожоевич, ушул кезге чейин мите курттай жылуу орунга отуруп алып, элдин канын соруп келе жаткан жатып ичерлер, бузуку чагымчылдар, күн тийген жердин күкүктөрү болуп, азыр сизди шынарлап, ишенимиңизге киргенге аракет кылгандар үчүн башымды сайдым.

«Садыр Жапаровду колдоп сүйлөп берип коюңузчу» деп жүргөнүбүздө үркүп кеткендер, партиядан партияга секирип, оң, солго ыргалып тургандар жаныңыздан жоголсун!

Маселен, анын бири Жылдыз Бакашова. Жылдыз Бакашова ушул кезге чейин КТРКнын байкоочу кеңешинин жобосун бузуп, мамлекеттик кызматта айлык алып отурганына карабай, китеп канада директор экенин эске албай төрт жолу байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө «Республика» партиясынан андан кийин КСДПдан жана Атамюаевдин квотасы менен шайланып келди.

Ошондой эле, 2020-дылдагы октябрь окуясында сизди угуп койбой, мыйзамды бузуп, КТРКнын башкы директорлук кызматын Адахан Мадумаровго ишенип басып алган. Жылдыз Бакашова КТРКнын байкоочу кеңешин чайкоочу кеңешке айландыргандардын башында турат. Анын мындай чыккынчылыгын эске албай жооптуу кызматка даярдадыңар.

Тагыраагы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Эми Жылдыз Бакашова бул кызмат аркылуу жаңы министрлердин соодасынын алкагын кеңейтет экен да. Бул айымдын зоболосун көтөртпөй тескерисинче сак болуңуз.

Негизи пайдасынан зыяны көп адамдардын буга чейинки ишин иликтеп көрүп, анан кызматка тартсаңар болмок. Маселен, эл арасында китепканга бөлүнгөн гранттарды өз кызыкчылыгына пайдаланып, китепкананын жамаатына көңүл бурбай, китепкананы очорултту деген сөздөр айтылып жүрөт. Ошон үчүн бул кишинин ишин текшерип көрүү керек.

Эгер ушундай эл арасында кадыр-баркы жок, эл үчүн күйбөгөн кадрларды кызматка тарта берсеңер, сизге эл ишенбей калары анык. Ошон үчүн жооптуу кызматтарга азыртан чыныгы элге башын сайган, кесипкөй инсандарды тандаңыз.  Сизден көптөн көп суранам.

Бүгүндөн баштап, люстрация тобун түзө баштадым. Бул топ конкреттүү адамдардын ушул кезге чейинки кандай жумуштар менен алек болуп, кимдин арыгын чаап келгенин, эл үчүн эмне иш кылганын ачыкка чыгара турган кызмат аткарат. Люстрация тобу сизге өлкөнү сазга батырууга салым кошкондордон арылууга жардам берет», - деп белгиледи Кадырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости