www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК Жалал-Абад облусунда эки жаранды кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу жана документтерди жасалмалоо фактылары боюнча кармады.

Тактап айтканда Б.Н.М. өзүн риелтор катары тааныштырып, Ооган согушунун ардагери жана II топтогу майып Т.А.Р.нын батирин жасалма документтердин негизинде ишеним кат алып, ээлеп алган. Кылмышты жашыруу үчүн жабырлануучуну психиатриялык мекемеге жаткырган. Жабырлануучу ал жерде 5 жылдан ашуун болгон.

Андан тышкары Б.Н.М. А.А.А. менен биргеликте нике тууралуу күбөлүктү жасалмалап, каза болгон Ш.В.Х.нын үйүн өзүнө каттатып, мыйзамдуу мураскерин үйдөн ажыраткан. Ушундай эле аракеттер Г.Г.С. аттуу жаранга да жасалган. Анын батири басым менен Б.Н.М.нын шериги К.А.Б.га өткөрүлүп берилген. Жабырлануучу коркутуулардан кийин көп өтпөй каза болгон.

Ошондой эле Е.Р.М. аттуу улгайган аял да алданган. Манипуляция жолу менен камкорчулук жана батирге менчик укугу таризделип, андан соң жабырлануучу психикалык абалы тууралуу жасалма документтер менен стационарга жаткырылган. Ооруканадан чыккандан кийин жабырлануучу К.А.Б.нын жээни тарабынан зомбулукка кабылып, көп өтпөй каза болгон.

«Тергөө иштери уланууда. УКМК психиатриялык мекеменин кызматкерлеринин бул кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерип, аймактагы ушул сыяктуу башка кылмыштарды иликтөөдө», - деп айтылат расмий маалыматта.

УКМК жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандардан (03722) 5-60-49, (0556) 06-18-83 телефондору боюнча кайрылууну өтүнөт.

Последние новости