www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги активист Руслан Шеринбеков тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн эл менен жолугушуусунда айтылган, Нижне-Серафимовкадагы стационардык мекемеде карылар “белгисиз себептер менен чыгарылып жатат” деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган жаран И.С. 1961-жылы туулган жана 2024–2026-жылдар аралыгында Нижне-Серафимовкадагы карылар үчүн стационардык мекемеде мамлекеттик камсыздоодо социалдык кызматтарды алып келген.

Министрлик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы №273 токтому менен бекитилген социалдык стационардык мекемелерде жашаган жарандарга көрсөтүлүүчү минималдуу социалдык стандарттарга ылайык, майыптыгы бар жана улгайган жарандар ички тартип эрежелерин системалуу түрдө бузган учурда (үч жана андан көп жолу) мекемеден чыгарылууга тийиш экенин эскертти.

Маалыматта белгиленгендей, жаран И.С. ички тартип эрежелерин бир нече жолу бузгандыгы үчүн — анын ичинде жашоо эрежелерин сактабагандыгы, медициналык кызматкерлерге карата орунсуз жүрүм-турум жана кол көтөрүү фактылары катталгандыгы себептүү — мекемеден өз арызы менен чыгарылган.

Министрлик ошондой эле пенсиялык камсыздоо маселеси боюнча түшүндүрмө берип, “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга ылайык, пенсия алуу укугу жок жарандарга аялдар 60 жаштан, эркектер 65 жаштан тартып 2000 сом өлчөмүндө жөлөк пул дайындала турганын билдирди.

Такталган маалыматка ылайык, И.С. аттуу жаран 65 жаш курагына 2026-жылдын июль айында гана толот.
Министрлик журналисттерди жана коомдук активисттерди коомчулукка текшерилген, так жана туура маалыматтарды гана жеткирүүгө чакырды.

 

 

 

 

 

Последние новости