www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Улицы разбитых фонарей» сериалынын режиссеру Михаил Мамедов 24-июлда 72 жашында каза болду. Бул тууралуу IA Regnum басылмасы билдирди.
«71 жаштагы режиссер поликлиникада жүрөк оорудан каза болду», - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Мамедов Рижский проездиндеги №12 поликлиниканын имаратында эсин жоготкон. Дарыгерлер аны эсине келтирүүгө аракет кылып, тез жардам чакырышкан. Бирок окуя болгон жерге келген тез жардам кызматы режиссердун каза болгонун айтышкан.
Михаил Мамедов ГИТИСти жана СССР Маданият министрлигинин алдындагы жогорку режиссёрдук курстарды бүтүргөн. Анын жыйырмага жакын долбоору бар, алардын эң белгилүүлөрү - «Улицы разбитых фонарей – 8, «Карта смерти» жана «Паутина» сериалынын эки сезону.
Мамедов Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери болгон.
Булак: NazarNews.kg