www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы районунун тургундары аткезчилик жана ошондой эле күч кызматкерлерине каршылык көрсөткөндүгү үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

24-июль күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы мамлекеттик чек аранын тактала элек тилкесинде чек арачылар мыйзамсыз мал айдап бара жаткан адамдарды байкашкан. Чек арачылар аткезчилерди кармоого аракет кылышкан, бирок алар талаптарга көңүл бурган эмес.

Андан соң чек арачылар тартип бузгандарды токтотуу үчүн асманга ок атууга аргасыз болушкан. Бирок, алар күч органдарына кол салууга аракет кылышкан.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү («Экономикалык аткезчилик»), 378-беренесинин 2-бөлүгү («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү»), 378-беренесинин 2-бөлүмү "Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү") боюнча кылмыш иши козголгон.

Беш шектүү адам УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы СИЗОсуна киргизилди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости