www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Лейлекте Тажикстандын жараны кармалды

Лейлекте мыйзамсыз чек араны бузуп кирип, жүк алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 23-июль күнү таңкы саат 05:30 чамаларында Тажикстандын Согдий облусунун Худжант шаарынын тургуну 30 жаштагы Н.Ф. өзүнө таандык “Toyota Avensis Verso” үлгүсүндөгү унаасы менен мамлекеттик чек араны бузуп кирип,   Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылынан аткезчилик  менен жалпы салмагы 700 кг болгон койдун эттерин  Кыргызстандан алып чыгып жаткан учурда ыкчам кызматкерлер тарабынан кармалды.

Кармалган учурда далил буюм катары алынган жүктөр аныкталып, Лейлек РИИБдин малыматтардын электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык контрабанда)   жана 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыш ишинин караштуулугу боюнча  УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына  өткөрүлүп берилди.

Кылмышка шектелип кармалган тажик жараны Н.Ф. убактылуу кармоо жайына киргизилип, автоунаасы айып короосуна киргизилди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости