www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алжирдеги өрттөн 34 киши каза болгонун МИР 24 кабарлады.

Жүздөгөн тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө шашууда. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө сегиз миң өрт өчүрүүчү катышууда. Алар 500 жүк ташуучу унаанын жардамы менен өрттү токтотууга аракет кылышууда. Абадан учактардын жардамы менен өчүрүлүп жатат.

«Өрт буга чейин эле чоң зыян алып келген. Зайтун чарбалары, токойлор күйүп жатат. Өрт өчүрүүчүлөргө жардам берүүгө аракет кылып жатабыз. Волонтерлордун топтору түзүлдү. Бирок мындай температурада бул абдан кыйынга турууда», - дейт жергиликтүү тургун Рашид.

Аба ырайынын ысыктыгынан улам Алжирдин түндүгүндө жана чыгышында жаратылыш өрттөрү күч алууда. Айрым аймактарда термометр 48 градуска чейин көтөрүлдү. Кырдаалды катуу шамал дагы татаалдаштырууда.

Мындан сырткары, ушундай эле ири өрттөр дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да күч алууда. Алсак, Канада, Греция, Түркияда токойлор өрттөнүп жатат. Буга нормадан ысык аба ырайы себеп болгону айтылууда.

Ал эми, Грецияда буга байланыштуу 3 адам кармалды. Алар атайлап куураган чөпкө өрт койгон деп айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости