www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер көчкүнүн кесепетинен өлкөбүздүн Түштүк аймагында бир топ маселелер жаралды. Жакындарын жоготкондордун ыйы тыйылганы менен алардын үмүтү бийлик ээлеринде, алардан келген жардамда болуп жаткан кези. Кантсе да, убакыт зымырап учуп, эртең эле кыш келип калат. Ошол мезгилге чейин үйлүү болуп калсак дегенде, алардын эки көздөрү төрт.

--Улугбек Зулпукарович, Өзгөндө кырсыкка кабылгандардан кабар алып жатасызбы?
--Албетте. Өзгөндөгү жалпы жер көчкү сыяктуу кырсыктар боюнча Жогорку Кеңеш токтом кабыл алган. Ал токтомдун аткарылышы боюнча 19-июнь күнү Транспорт курулуш жана архитектура комитети Өзгөндө көчмө жыйын өткөрдү. Ошол комитетте биз Жалпак-Таш айылына барып, кырсыктан кийин элге бөлүнгөн жерди көрдүк. Жаман-Адыр деген аймактан бөлүнүптүр. Ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги палаткаларды тигип, шартты түзүп бериптир. Элдин баары ошол жерде экен. Биз барганда эл менен жолуктук. Негизинен үй курулуп, жол салына турган болсо шарты жакшы жер экен. Бирок, элдердин негизги талабы сугат сууну чыгарып коюшуптур. Жарыкты орноштуруп жатышкан экен. Эл үч ай убакыт калды, биз кышкыга жашай турган үй курганга каражатыбыз жок дешти. Ал жерде өкмөттүн атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биз менен кош жүргөн. Жогорку Кеңештин токтомуна үй куруп берүү талаптары да кирген. Өкмөт камсыздандыруу маселесине байланыштуу мындай иштерди жасай албайбыз дегендей жоопторду берип жатышат. Кырсык болгондон кийин камсыздандыруу ишине эл жапа тырмак киришип, Өзгөн району биринчи орунга чыгыптыр. Учурдун талабын эске алып, элди үйсүз калтырбаш үчүн үйлөрү көчкүнүн астында калган жарандарга биз кайтарымсыз каражат бөлүп берсек жакшы болмок. Көчкү коркунучу бар деп айтылганда айрымдар үйлөрүн бузуп келишкен. Алардын колунда материал болгондуктан, үй курууга узак мөөнөттү жеңилдетилген ссуда берилсе деген талапты койгонбуз.

--Эл чогулткан акча дагы бар эмеспи?
--Ооба, кырсык болгондон кийин атайын ачылган эсепке эл 25 миллион сом чогултуптур. Комитеттин жыйынында ушул каражатты токтоосуз элге бөлүп берсин деген талап койгонбуз. Биринчи кезекте үйлөрү көчкүнүн астында калгандарга жана көчүрүп чыгарылгандарга бөлүнсүн деп маселе койгонбуз. Өкмөт бул маселени өз жыйынында карап, жабыркагандар менен биргеликте комиссия менен элге акча бөлүп берүү каралып жатыптыр. 25 миллион сомду бөлүп берсе, курулуш иштерин баштоого толугу менен шарт түзүлмөк.

--Элден чогулган жардам таратылып берилсе, максаттуу пайдаланылат деп ишенесизби? 
--Эл чогулткан акча бир гана курулуш иштерине иштетилиши керек. Кирпич, цемент мененби же курулуш каражаттары катарыбы, таратылып берилиши зарыл. Азыр заводдун баарында кирпич, цемент келет деп айтып жатышат. Эгер келген болсо, өкмөт муну туура кылган болот. Буга чейин биз көрүп жүргөндөй бөлүнгөн каражаттарга үй салынбай калган учурлар дагы бар. Муну катуу текшерүүгө албаса эртең элдин үйү жок дагы калышы мүмкүн. Зергер айыл-өкмөтүндүгө жабыркагандарга Төрт-Көл айыл аймагынан бөлүнгөн жерди дагы барып көрдүк. Палаткаларды тигип коюшуптур, эч ким жок экен. Алар өзүбүзгө жакын жерден жашоочу жай бөлүп берсеңиздер деп өтүнүп жатышат. Кечээ айт майрамына карата аталган жерлерге барып кабар алып келдим. Азыр сууну чыгарып, жарыкты тартып, аракет кылып жатышат. Кан жолдун бою экен. Бирок сугат суу, таза суу, жайыт маселеси бар. Өкмөт азыр баарын чечебиз деп жатат. Эгер маселе чечилген болсо жергиликтүү калкка жакшы шарт түзүлөт.

--Коркунуч жаралып турган жерлер азыр деле бар болсо керек?
--ЮСАИДдин жардамы менен атайын Кыргызстан боюнча коркунуч жерлери бар деген китеп чыккан. Ушунун негизинде эле иш алып барсак адамдарды кырсыктан, өлүмдөн алып калган болобуз. Бул китепте Аюу-Сай айылында 11 үй көчкүнүн алдында калуу коркунучунда турат деп жазылыптыр. Мунун баары аягы так чыкты. Мындай маалыматтар так чыккандыгы адамды чоочутат. Бирок, тилекке каршы, буга жергиликтүү бийлик көп деле көңүл бурган эмес.

--Өкмөттүн иши көзгө көрүнүп эле жатабы?
--Өкмөт колунан келишинче баардык аракеттерди көрүп жатат. Курулушка бөлүнчү маселеден башканыны баардыгынын көпчүлүгү чечилип калыптыр. Эл буга ыраазы болуп жатат. Болгону үй салып алууга каржы бөлүп беришсе жакшы болот деп айтышты. Элден чогулган жардамды бөлүп, үй-жайсыз калган баардык үй башын эсептегенде тамын тургузуп, үстүн жаап алганга жетет. Өкмөт бул жагынан өз аракеттерин көрөт деп ишенем.

Булак: “Де-факто” гезити
Маектешкен Сайкал Илиясова

Последние новости