www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Анда Улугбек Садиков жарандарды шайлоого келүүгө милдеттендирип, келбесе чара колдонууну сунуштады.
Ал соңку ирет шайлоолорго өтө көп каражат жумшалып, бирок ага шайлоочулардын 30-40 пайызы гана катышып жатканына нааразы болду.
«Шайлоону милдет жана укук деп экиге бөлсөк. Шайлоого келүү — милдет, ал эми киргенден кийин тандоо жасоо өз укугу болушу керек. Кимди шайлайт же баарына каршы добуш береби, өзү билсин. Ушунча акчаны ысырап кылып, коррупцияга да жол берип жатабыз. Элди шайлоого алып келүү үчүн акча берип, атайын унаа менен ташып жатышат. Шайлоого атайын мыйзам киргизбесек болбойт. Бул ар бир кыргыз жаранынын милдети болушу керек, келбегендерге атайын бир административдик чара колдонолу», — деди Садиков.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-январындагы президенттик шайлоого жана референдумга жалпы шайлоочулардын 39 пайызы катышкан. Ал эми 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга келгендердин саны 37 пайыздын тегерегинде болгон.
Булак: NazarNews.kg