www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгы чет өлкөлүк жаранга кол салган адамды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылы октябрь айында Бишкек шаарына караштуу Свердлов РИИБге Кытай Эл Республикасынын жараны 1977-жылы туулган Ч.Х. арыз менен кайрылып, ага кол салган белгисиз жарандарга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

«2020-жылы 11-октябрь күнү Бишкекте азиат түспөлүндөгү үч адам Кытай Эл Республикасынын жараны убактылуу жашап жаткан үйгө кирип барышкан. Үйдө жашагандарды сабап, күч колдонуп, ири өлчөмдөгү акча каражатын жана «iPhone» үлгүсүндөгү уюлдук телефон, документтерди ээлеп алышкан.

Бул факт КЖБРга катталып, Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалган. Ошондой эле ыкчам иликтөө иш-чараларын улантуу учурунда Ысык-Ата районунан Чүй облусунун 1993-жылы туулган тургуну Т. уулу Ы. дагы колго түштү.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын маалыматы боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Ал криминалдык авторитет Ж.Ч.нын жакын тууганы болот. Иликтөө уланып жатат», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости