www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылы Садыр Жапаров менен чогуу камакка алынып, саясий куугунтук жеп жүргөн Калыбек Жапаров, Facebook баракчасы аркылуу бейөкмөт уюмдарга, ЛГБТ коомуна жана жарандык активисттерге кайрылуу кылып, аларды улуттук баалуулуктарга жана диний түшүнүктөргө тийишпегиле деп эскертти.

«Эртеӊ, 15-апрелде бей өкмөт уюмдар, ЛГБТ коомунун өкүлдөрү, анча-мынча саясий топтор жана шайлоодо аз добуш алып калгандар аралашып митингге чыгышат экен. Буга чейин дагы алар көп жолу чыгып келишкен. Сүйлөп жатканда, патриот, мамлекетке күйүп жаткан сыяктанып образга кирип алышат, бирок алардын түпкү максаттары батыштын кыргыз салтына өтө туура келбеген түшүнүктөрүн жайылтуу. Мусулмандарга каршы келген идеологияларды жайылтуу болуп саналат.

Эгер алар чын эле мекенчил болсо, эмнеге карантин убагында, пандемия убагында элге кол сунган жок? Эмнеге кыргыздын башына дайым сыноо келгенде ошол ЛГБТ, НПОчулар жардамга келбейт? Жакшы убактарда гана чыгып алып, кызыл-тазыл кийинишип, «мен транс болгонума сыймыктанам», «менин денем менин ишим», «келинизацияга каршыбыз, төрөбөйм», «бир жыныстуулардын никесин мыйзамдаштырып бергиле» деп чыга калышат.

Мындай ыплас аракеттерине эл сабыр кылдыбы же кайдыгерлик кылып жатабы, катуу каршылык аракеттери көрүлгөн жок. Эми жетишет деп ойлойм, буларды тарбияга, ыйманга чакыруу мезгили келди. Биздин коомдо жашап жатып, жашоолоруна ыраазы болбой, кыргыздын нукура түшүнүгүн жээрип, кемсинтүү менен мамиле кылышат. Биздин өлкө жакпайбы, анда ЛГБТ, феминисттерди кабыл алган өлкөгө кетишсин!

Улам топтолуп, биздин салтыбызды тепсеп, диний түшүнүктөрүбүзгө тийише берсе, анда өздөрүнө жараша жооп берип, улуттун баалуулугун, диний түшүнүгүбүздүн тарапташтары канча экенибизди көрсөтүп, алар чогулган жерге барышыбыз керек болот!», - дейт Калыбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости