www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Атамбаев өзү түзгөн диктаторлук системанын азабын тартып жатат», - деди бүгүн, 4-мартта, NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Улукбек Маматаев.
- Улукбек байке, бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди соттон тез жардам алып кетти. Мындан ары ага кандай мамиле болушу керек?
- Алмазбек Атамбаевди сотко алып келгенин да, алып баратышканын да көрдүм. Негизи ага мыйзам чегинде эле мамиле болушу керек. Ооруп аткан болсо дарылап, зордук-зомбулук көрсөтпөй сакайтууга аракет кылыш керек.
- Атамбаев президент болгон адам. Ага аяр мамиле жасалышы керек деген ойлор айтылып жатат го?
- Туура Атамбаев көчөдө жүргөн киши эмес. Президент болгон адам. Бирок, Атамбаев демократиялык нукта өнүгүп бараткан мамлекетти 2016-жылы конституциялык реформалар аркылуу диктаторлук нукка салганын да эстен чыгарбашыбыз керек. Азыр ал ошол өзү түзгөн системанын кесепетин тартып жатат.
Ошондой эле соттордун жоопкерчиликсиз мамилесинен да кээде жагымсыз нерселер орун алып кетүүдө. Ошон үчүн соттор убакытты созо бербей баарын дыкаттык менен иликтеп, адилеттүү чечим чыгарышы керек.
- Мындан ары сотко алынып келиши керекпи же сот анын катышуусу жок өтүшү керекпи?
- Атамбаев сотту менин катышуумсуз эле өткөрө бергиле десе, анда сот анын адвокатынын катышуусунда улана бериши керек. Бирок, сотту токтотуп туруп, дарылап алып келүүгө аракет кылышса туура болмок. Атамбаев да күнөөсү жок болсо, далилдөөгө аракет кылышы керек.
- Атамбаевдин азыркы абалын өч алуу катары сыпаттап, коомдук пикир жаратууга ашыгышууда. Бул боюнча кандай ойдосуз?
- Туура, «эл оозунда элек жок» дегендей айрымдар азыркы абалды Садыр Жапаров Атамбаевден өч алып жаткандай кабылдап жатышат. Бирок, Президент да өз пикирин билдирип пост жазды.
Менимче, президент Садыр Жапаров актанып эле пост жаза бербеши керек. Анткени, президент Садыр Жапаровдун реакциясын соттор буйрук катары түшүнүп, Атамбаев жөнүндө айтканын шпаргалка катары колдонушу мүмкүн. Ошон үчүн соттор мыйзам чегинде иш алып барышы керек.
Булак: NazarNews.kg