www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Улукбек Маматаев менен  айрым саясий маселелер боюнча ой бөлүштүк.

--Улук мырза, партиялар неге биригүүгө, жаштарды биринчи планга чыгарууга аргасыз болуп жатышат?

--Учурда бир партия өзүнчө шайлоого катышып, керектүү добуш чогултуу аябай эле кыйын маселеге айлантып калды. Себеби, эл да жылдан жылга такшала баштады. Эски партлидерлерге мурдагыдай элдин сүйүүсү, ишеними азаюуда. Ошол себептенби шайлоого катыша турган партиялар жаңы жүздөрдү тартууга аргасыз болушууда. Биригүүлөр, жаштарга басым коюу шайлоодо сөзсүз добуш алууда пайдасын тийгизет. Анткени, эл саясатта жаңы жүздөрдү көргүсү келет.

--Бирок, шайлоону утурлай бириккендер эртең эле эки башка жээкте бөлүнүүгө аргасыз болгон саясат орун албайбы?

--Ал эми бүгүн биригип эртең ажырашып, бири-бирин каралаган жагдай саясатта мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ошондуктан, бириккендер ажырашып кетсе, ага таң калыштын же өкүнүчтүн кереги жок. Саясатта дос деген түшүнүк жок кызыкчылык гана болот. Ошон үчүн эмоцияга орун жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости