www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эски жараны козгоп, ырбатпай жараланган жүрөктөрдү кайра баштан жаралабай бул маселени козгобой койсок болмок», - деди бүгүн, 21-майда NazarNews маалымат агенттигине Улукбек Маматаев.

- Улукбек мырза, 2010-жылдагы түштүк коогалаңы боюнча үч саясатчыга айып угузулду. Күңгөй тескейин иликтеп, каргашалуу окуяга чекит коюп, адилеттүү чечим чыгарышат деп үмүт артсак болобу?

- Мен жеке пикиримде каргашалуу окуяны козгоп, жакындарын жоготкондорго ошондогу аянычтуу абалды, ыйды кайра эстетүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейм. Эски жараны козгоп, ырбатпай жараланган жүрөктөрдү кайра баштан жаралабай бул маселени козгобой койсок деле туура болмок.

Анткени, бул маселе улут аралык жаңжал. Бул жерде эл аралык саясат жана тышкы саясат да бар. Тагыраагы, бул окуяга тышкы күчтөр киришип, аны ишке ашырууга кызыкдар державалар да болгон деген маалыматтар айтылып жүрөт эл арасында.

Күнөөлүүлөр жазасын алды деп пиар кылбай күңгөй-тескейин тыкыр иликтеп, кайсыл мамлекет эмне үчүн киришкенин ал отту тутантууга кимдер, эмне үчүн  кызыкдар болгонуна чейин элге ачык айтылышы керек.

- Сырткы күчтөр неге Кыргызстанда жаңжал тутантууга кызыкдар деп ойлойсуз?

- Ошол мезгилде Кыргызстан менен Өзбекстанды уруштуруп, Орто Азияны башкарабыз деген күчтөр болгон. Ошондой эле парламенттик башкарууга өткөнүбүз чоң державаларга жакпай калган. Ошон үчүн бул маселени иликтөөдө ал анын баарын эске алышыбыз керек. Бул окуяга жол бергендерди жазалайбыз деген жерде саясий боёк турат.

Айтайын дегеним, кимдир бирөөлөр бул окуянын арты менен өч алууну максат кылып жаткандай. Эгер чындап күнөөлүү болсо, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн камашсын. Бирок, ал окуянын айынан иш козгогондор да камалып калышы мүмкүн. Ошон үчүн эски жараны тырмай бербей жашоону жаңы барактан баштасак болмок. Артка кылчактабай алдыга умтулушубуз керек.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир жыл мурда июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган. Иш боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада 25-апрелде, Садыр Жапаров 27-апрелде күбө катары сурак берип чыккан.

Коогада жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам сурак берген.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

«Июнь окуясы» деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости