www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясы боюнча Коомдук комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаев менен маек. 

- Улукбек мырза, Кой-Таш окуясы боюнча уюшулган Коомдук комиссиянын корутундусу коомчулуктун колдоосуна татыдыбы? Мамлекеттик комиссиянын чечимин кайталап калган жокпу?

- Кой-Ташта орун алган окуялар боюнча түзүлгөн Коомдук комиссиянын чечими Элдик курултайга катышкан делегаттар тарабынан жакшы кабыл алынды. Аягына чейин кунт коюп угушту. Буюрса, бул чечим коомчулукта колдоо табат деген ойдомун. Азырынча бийликтин реакциясын байкай элекмин. Коомдук комиссия Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын чечимин кайталабаганыбызды баса белгилегим келет. Неге дегенде мамлекеттик комиссия бул окуяга так жана түз баа берген эмес. "Жоопкерчилиги каралсын" деп жалпылап гана айтып коюшкан. Биз болсо, президент менен премьер-министрге да токтолуп, "эмнеге президент ал күнү иш ордунда болгон эмес. Ошондой окуя болоорун билген беле?"- деген ойду да айттык. Кыскасы, Мамлекеттик комиссиядан дээрлик айырмаланган, эки жактын тең катачылыгын баса белгилеген чечим чыгардык деп ойлойм. Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн Коомдук комиссиянын аталган окуяга укуктук баа бергенге акыбыз жок болсо да, саясий бааны реалдуу берүүгө аракет кылдык. Бул окуяны дыкат иликтейли, эч бир жагдайды көз жаздымда калтырбайлы, адилеттүү чечим чыгаралы деген максатта, Кой-Ташка барып, жашоочуларына жолуктук. Саясий куугунтуктар бүгүнкүгө чейин уланып жатканына күбө болдук. Иликтөөбүзгө баарын жаздык. Анткени, жөндөн жөн эле күч органдары тарабынан куугунтуктар болбошу керек.

- Эмне үчүн Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн Коомдук комиссиянын мүчөлөру укук коргоо органдарынын жетекчилерине чара көрүүнү сунуш кылдыңар?

- 7-8-августтагы Кой-Ташта орун алган операцияда бир топ катачылыктарга жол берилген. Тагыраагы, күч органдары тарабынан чала сабат операция болгон. Ошон үчүн ал окуя өлүм менен аяктаган. Күч органдарында иштелип чыккан бирдиктүү план болбогонунан, практиканын жоктугунан, жетекчилердин ишине шалаакы мамиле кылганынын айынан "Альфанын" кызматкери окко учкан. Мына ушундай нерселерге жол беришкени үчүн ошол операцияны ишке ашырган күч органдарынын башчылары күнөөнү мойнуна алып, сөзсүз жооп бериши керек. Бүгүн ал жоопкерчиликтен качышканы менен тарых алдында баары бир жооп беришет. Алар бийлигине таянып, чындыкты жокко чыгарабыз дешсе да, тарых, убакыт баарын өз ордуна коёт. Себеби, алардын туура эмес аракетинен карапайым эл жабыр тартты. Куугунтукка туш болушту. Мына ушул окуя күч органдарына реформа керектигин дагы бир жолу далилдеди. Азыр да кеч эмес, президент Сооронбай Жээнбеков айткандай, былтыйып олтура бербей, кетип калышса, эл туура түшүнүп, жакшы кабыл алат эле.

- Бийликтин силердин талапты аткарып, күч органдарын жоопко тартууга, шалаакылыгы үчүн жазалоого күчү жетеби?

- Биз берген сунушубуздун аткарылышын бийликтен талап кылабыз. Президент менен Өкмөт башчы мындай шалаакылыкка жол берген кызматкерлерин жазасыз калтырбайт, сунушубузду эске алат, тийиштүү жазаларын колдонот деп үмүт кылабыз. Эгер сунушубузга маани бербей коё турган болсо, бизде эч кандай реформа тууралуу сөз кылыштын кажети жок экен деп билебиз. Бирок, биздин үмүтүбүз бар. Кандайдыр бир деңгээлде чара көрүлөт деп ойлойбуз.

- Кой Таш окуясы боюнча Атамбаев жана анын тарапташтарын камоо, болгон күнөөнү ошолорго оодара салуу бийликтегилерди да, укук коргоо органдарын да жоопкерчиликтен куткарып жаткан жокпу?

- Айрым адамдар жоопкерчиликтен качыш үчүн да ушундай жолдорго барышы, бөрк ал десе баш алышы мүмкүн. Эгер чындап эле өз катачылыгын жабыш үчүн күнөөсү жокторду камап жатышса, жогоруда айткандай мезгили келгенде тарых алдында жооп берип калышат. Ошон үчүн андай нерселерге жол бербеши керек.

Бетти даярдаган Чынайым КУТМАНАЛИЕВА

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости