www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында бизнес-ассоциациялардан жана ишкерлерден келип түшкөн арыздарга мамлекеттик органдардын көңүлүн бурду.   

Сооронбай Жээнбеков негизинен алар укук коргоо жана мамлекеттик текшерүүчү органдар тарабынан жасалган басымдын азайбаганын, коррупция менен күрөшүүнү шылтоо кылып, укук коргоо органдары кээде аша чаап, бизнестин иштөөсүнө негизсиз тоскоолдуктарды жаратканын баса белгиледи. Кээ бир учурда негизсиз оор чараларды колдонуп, ишкерлерди камакка алып жаткандыгы тууралуу кооптонуулар, кайрылуулар түшүп жатат.

«Көмүскөдө иштеп жаткан бизнести легалдаштыруунун ордуна — фискалдык органдар ак ниет иштеп жаткан ишкерлерди негизсиз текшерип, айып пулдарды салып, аванс төлөмдөрүн талап кылууда, деген да даттануулар бар», — деп белгиледи Президент.

Мындан тышкары, соттук процесстерде ишкерлер жана инвесторлордун укугу толук кандуу корголбой жатканы боюнча себептерге токтолду.

«Ишкерлер бул көйгөйлөр ар кандай аянтчаларда айтылганы менен, бизнестин үнү мамлекеттик органдарга жетпей жатат, маселе ошол бойдон калууда деп жатышат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондуктан баардык тараптын — Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын жана бизнестин катышуусу менен Комитеттин ушул жыйынын өткөрүп, көйгөйлөрдү чогуу талкуулоо зарылдыгы келип чыкканын белгиледи.

Последние новости