www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Хизбут-Тахрир" ДЭУ мүчөсү кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, КРдин УКМК тарабынан жүрүп жаткан контртеррористтик иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарында «Хизбут-Тахрир» диний экстремистик уюмунун активдүү мүчөсү «Ж.А.» аттуу КР жаранынын  Интернет тармагы аркылуу «Халифат» түзүүгө чакырган иш аркеттерине бөгөт коюлду.

Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү жүргүзүү учурунда экстремисттик багыттагы материалдар табылган 

Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун чечимине ылайык «Ж.А.» Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1- тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

КР Жогорку сотунун токтому менен «Хизбут-Тахрир» 2003-жылдан 20-августунан тартып экстремисттик уюм деп таанылып, КР аймагында анын иш-аракеттерине тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости