www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Тажикстандын кечээки кылып жаткан кылыгы акылга сыйбаган нерсе», - деди бүгүн, 8-июнда NazarNews маалымат агенттигине Улукбек Маматаев.

- Улук байке, тажиктер чек ара жабылып, наркотрафиктин жол буулуп калган үчүн элди санаркатып, Чоң-Алайдагы талаштуу жерге контейнер орноткон кадамга барыштыбы же алардын максаты башкабы?

- Тажикстан мындай мамилени биринчи жолу кылып жаткан жок. Жакында эле бир топ келишимдерге эки тарап кол койгон, ошого карабастан Тажикстандын кечээки кылып жаткан кылыгы акылга сыйбаган нерсе.

Албетте, буга чейин ээн эркин каалаган убакта каалаганча өздөрү билген ар түрдүү товарларды тоскоолдуксуз Кыргызстан аркылуу ташып турушканы чын. Айта кетчү нерсе баңгизат да үзгүлтүксүз ташылып турган.

Болгону, жаңы келген бийлик менен тил табыша албай калып, башкача айтканда азыркы бийлик эч кандай компромисске барбай койгондон кийин ар түрдүү провокациялык кадамдарга барышууда. Буга эң чоң себептердин бири Рахмондун тегереги көзөмөлдөгөн баңгизат десек болот.

- Айрым аналитиктер Чоң-Алайдагы жагдайды Орто-Азияга бүлүк салууну каалаган бузук саясаттын ишке аша башташы деп баалап жатышат. Кимдир бирөөлөр тажиктерди бизге карата тукуруп жатабы?

- Орто Азия мамлекеттеринин арасында согуштун кимге кереги бар деп ойлойсуз. Албетте, башкаларга салыштырмалуу орустарга көбүрөөк керек. Себеби, ансыз да Орусия дүйнөлүк аренада аброю өтө төмөн түшүп кетти. Бул биринчи маселе.

Экинчиси, Кыргызстанга келген жаңы бийлик орусияны мурдагы президенттердей укпай жатканы да баарыбызга белгилүү. Орусиянын максаты Кыргызстанды колдон чыгып кетпесин деген максаттагы аракетин көрүп жаткансыйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости