www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия акыркы жолу 2019-жылы эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесиинин президенти Орхан Инандыны экстрадициялоону талап кылган болчу. Бул тууралуу ЖК эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында ТИМ орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.    

«Ал ошол кезде Кыргызстан Орхан Инандынын кыргыз жараны болгондугу үчүн Түркияга экстрадициялоодон баш тарткандыгын белгиледи. Архан Инанды Түркияда коркунучтуу терррористтерди даярдоо жана башка олуттуу кылмышка айыпталган.

2019-жылы бизге экстрадиция тууралуу суроо түшкөндү биз баш тартканбыз. Ошондон кийин эки тараптуу мамиле сууй түшкөн. Орхан Инанды 2012-жылы декабрда биздин жарандыкты алган, башкача айтканда 2016-жылы Түркияда мамлекеттик төңкөрүш болгон», – деди Айбек Артыкбаев.

«Эгерде ИИМ бизге Орхан Инандынын аялынын элчиликтин имаратын тинтүү тууралуу арызын берсе, биз аны Түркиянын элчилик өкүлчүлүгүнө кайра багыттайбыз», – деп билдирди министрдин орун басары.

Ички иштер министрлигинин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 2019-жылдан бери бизге Орхан Инанды тууралуу кайрылышкан эмес деп билдирди. «Акыркы жоолугушууда элчи ушул Орхан Инанды тууралуу маселени көтөрөт го деп ойлоп калдык. Бирок сөз башка адам тууралуу болду», - деп билдирди ал.

Эске салсак, Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майынан тарта жоголду. Сегиз күндөн бери андан кабар жок.

Орхан Инандынын аялы Рейхан Инанды президентке анын күйөөсүн издөөгө жардам кылуу тууралуу арыз менен кайрылган.

Бишкектин Октябрь РИИБ ыкчам иликтөө тобу түзүлдү. Мамлекет башчы Кыргызстандын жаранын издөө боюнча УКМК жана ИИМ ыкчам иликтөө иш чараларын күчөтүү тууралуу тапшырма берди.

Орхан Инандынын жоголуу фактысы тууралуу «Адам уурдоо» беренеси боюнчакылмыш иши козголду.

Анын тарапкерлери 1-июнда нааразычылык акциясына чыгышты. Аларадын айтымында, митинг Орхан Инанды табылмайынча улана берет. Алардын айтымында Орхан Инандыны уурдоого Түркиянын атайын кызматынын катышы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости