www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-июнда президент Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркия Республикасына учуп кетти. Ал Анкара шаарына бара турганын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки мамлекеттин башчылары эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйынына катышат.

Расмий иш сапардын алкагында президент Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө. Мамлекет башчы ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Түркияда иштеген жарандары, студенттер, диаспоралардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

— Кыргыз Республикасынын президентинин жубайы Айгүл Жапарова;

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюйшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

— инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;

— саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;

— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости