ВИДЕО - Франциянын тургуну президентин жаакка чапты
Дүйнө жүзүндө  |   |  1197

Франциянын президенти Эммануэль Макрон эл менен учурашып жатканда аны белгисиз адам жаакка чапты. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Видеодо көрүнгөндөй Макрон эл менен учурашканы жаткан. Эркек киши менен кол алышып жатканда бетине сокку жеген. Жан сакчылар Макронду четке алып кетип, аны жаакка чапкан адамды дароо кармашкан.

Франциянын басылмалары жазгандай, окуядан кийин полиция 2 адамды кармады.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями