www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэданы кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Өкмөтү инвесторлорду коргоого жана иштөө үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Тараптар бизнес, IT технологиялар, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз кезегинде Сигэки Маэда Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кызматташуунун чоң потенциалы бар экендигин белгилеп, япон компаниялары Кыргызстанда программалоо жана IT технологияларын окутуу боюнча мектеп ачууга даяр экендигин кошумчалады.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары активдештирүү жана кеңейтүү тууралуу макулдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости