www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозицияны колдоочулар өкмөт үйүнө кирип барышты

Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган адамдардын тобу 1-мартта өкмөттүн имаратына кирип барышты. Буга чейин оппозиция парламенттин алдына чатырларды тигип, мөөнөтсүз нааразычылык акцияларын баштаган.

Ошол эле учурда бүгүн - 1-мартта Пашинян өз тарапкерлерине Еревандагы Республика аянтына кайрадан жүрүшкө чакырды.

1-мартта Пашинян төрагалык кылган Коопсуздук кеңеши жыйын өткөрүп, өлкөдөгү соңку окуяларды талкуулады. Ал жыйынга Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарян катышкан жок.

Арменияда өткөн аптадан бери саясий кризис курчуп жатат. 25-февралда Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы премьер-министр Пашиняндын отставкасын талап кылган. Муну аскердик төңкөрүш аракети деп баалаган Никол Пашинян өз тарапкерлерин аянтка чакырган. Ошол эле күнү оппозициянын тарапкерлери да митингге чыгып, чакан кагылыштар орун алган.

Мындан соң Никол Пашинян Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан жетекчиси Оник Гаспарянды кызматтан алууну президентке сунуштаган. Бирок президент Армен Саркисян Гаспарянды кызматтан алуу жарлыгына кол койбой койду. Бул президент менен премьер-министрдин ортосунда пикир келишпестикти жаратты.

Былтыр күзүндөгү алты апталык согуш Армения, Азербайжан жана Орусия түзгөн үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин токтогон. Оппозиция ал үчүн Пашинянды күнөөлөп келатат.

Премьер-министр болсо бул кадамга Армениянын кызыкчылыгы үчүн барганын айтып, кызматтан кетүүдөн караманча баш тартууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости