СҮРӨТ - Өкмөттө жергиликтүү шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын өттү
Расмий кабарлар  |   |  1222

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун төрагалыгында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу боюнча республикалык штабдын биринчи отуруму видеоконференция режиминде өттү.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү үчүн баардык чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи.

«Биз республиканын ар бир жаранына өз эркин билдирүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайбыз. Тандоо бир гана элде», - деп баса белгиледи Улукбек Марипов.