www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сарыкка каршы эмдөө үчүн 5 миллиард сом керек

Кыргызстандагы жарандарды сарыктын В түрүнө каршы эмдөө үчүн жалпы 5 миллиард сомдон ашуун каражат талап кылынат.

Маселе бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган министрдин орун басары Мадамин Каратаев аталган программанын алкагында жети багыт боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирди:

"Бул жаатта көйгөйлөр көп. Биринчиден, гепатиттин "В", "С" түрлөрүнө каршы вакцина алуу үчүн 5 млрд. сомдон ашуун каражат керек. Экинчиден, гепатология борборун куруу да мерчемделген. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу аталган максат ишке ашырылбай келет. Үчүнчүдөн, сулуулук салондору, тиш дарылоо жайлары сыяктуу коомдук жайлардагы абалды текшерүү боюнча тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аракети көрүлүүдө".

2020-жылдагы эсеп боюнча, өлкөдө жугуштуу гепатит 4805 адамдан аныкталган. 2019-жылы оору 6,6 миң кишиден табылган.

Бейөкмөт уюмдар сарыктын "В" түрүнө чалдыккандар жүз миңдеп санала турганын айтып, ага каршы жапырт эмдөө жүргүзүүнү талап кылып келишет.

Гепатит - боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын "А,В,С" түрлөрү бар. "А" түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган.

Калган эки формасы кан аркылуу жугат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости