www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакын арада «Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абад шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабына ылайык Жалал-Абад шаарында камераларды орнотууга даярдыктар жүрүүдө. Бүгүн, 1-мартта калаанын биринчи вице-мэри Нуртилек Орозбаев милдеттендирилген компания өкүлдөрү жана тийиштүү тармактар менен биргеликте видеобайкоо орнотулуучу көчөлөрдү текшерип чыгышты.
Шаар боюнча 12 көчөгө аталган долбоордун камералары коюлат.
Ал эми Жалал-Абад облусунун аймагына жалпы 48 жерге жол кыймылындагы эреже бузууларды аныктаган көзөмөл камерасын орнотуу пландалууда.
Анын ичинен Ош — Бишкек жолуна 32 камера, ал эми Жалал-Абад — Балыкчы жолуна 4 камера коюлат.
Булак: NazarNews.kg